ДЕШТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕШТ , д а ш т – Иран тайпак тоолорундагы, ошондой эле Орто Азия ж-а Батыш Кытайдагы чөлдүү түздүктөр. Жери кургак, шагыл таштуу, шор­луу келет. Термин чөлдөрдүн энчилүү аттары­нын курамдык бөлүгү катары да кездешет; мисалы, Деште-Кевир, Деште-Лут, Дашти-Марго ж. б. чөлдөр. Дешт тажикче, фарсча, афганча – түздүк, талаа, чөл деген маанини билдирет.