ДЕШТЕ-ЛУТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕШТЕ-ЛУТ – Иран тайпак тоосунун борбордук бөлү­гүндөгү чөл. Ирандын чыгышында. Узундугу 550 км, туурасы 100–200 км. Туташ тоолор (бийиктиги 1000–2000 м) м-н бөлүнгөн бир нече жазы өрөөндөн турат. Чополуу ж-а шагылдуу чөл, шор жерлер, такырлар мүнөздүү. Чет жакасында оазистер сейрек кездешет.