ДЕӉИЗ ЖЫЛДЫЗДАРЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕӉИЗ ЖЫЛДЫЗДАРЫ (Acteroidea) – омурткасыз деӊиз жаныбарларынын ийне терилүүлөр тибиндеги классы. Денеси 5, кээде көп (50гө чейин) нурчалуу жылдыз түспөлдөнүп кетет. Диаметри

1 смден 1 мге чейин. Көпчүлүгү ачык түстө. Скелет пластинкалары ийнелүү, кылкандуу, тикенектүү. Денесинин кетилген, жоголгон жерлерин оӊой калыбына келтирет. Деңиз жылдыздарынын 8 түркүмүнүн 1,5 миӊден ашык түрү белгилүү. Деӊиз, океандардын 10 кмге чейинки тереӊдиктеги түбүндө кездешет. Айрым жыныстуу. Личинкалары эркин сүзөт, көбү жумуртка, кай бирлери тирүүлөй тууйт. Моллюскалар ж-а суу түбүндөгү омурткасыз жандыктар, балыктар м-н азыктанат. Бутчаларынын жардамы м-н жылат. Көбүрөөк белгилүүлөр – кычкачтуу, тарактуу, эбелектүү ж. б. деңиз жылдыздары.