ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕӉИЗ ЛИЛИЯСЫ (Crinoidea) – омурткасыз жаныбарлырдын ийне терилүүлөр тибинин классы. Деӊиз түбүндө эркин жүргөн же бир нерсеге бекип жашаган гүлгө окшош жандык. Денеси чөйчөктөй, ортосунда оозу жайгашкан. Чөйчөкчөнүн түбүнөн өсүп чыккан канатка окшош бутактанган сабактары м-н майда планктондорду кармап жейт. 700дөн ашык түрү бар. Тропик деӊиздеринде кеӊири таралган.