ДЕӉИЗ ТОЗОТУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДЕӉИЗ ТОЗОТУ – аскер деӊиз флотундагы кайгуул кызматынын жалпы тутумундагы кеме ж-а жээк объектилерин коргоонун түрү. Душмандын пайда болушун алдын ала билдирет, анын кеме ж-а жээк объектилерине кирүүсүн токтотот. Деңиз тозоту алыскы ж-а жакынкы, кыймылдуу ж-а кыймылсыз, кемелик, катердик, миналык ж-а авиациялык болуп бөлүнөт. Деңиз тозоту өзүнүн тапшырмасын издөө ж-а байкоо жолу м-н аткарат.