ДЖИБУТИ (шаар)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЖИБУТИ (Djibouti) – Джибути мамлекети­нин борбор шаары. Өз алдынча административдик округ стату­суна ээ. Калкы 642,8 миӊ (2007). Инди океаны­нын Тажура булуӊунун түштүк жээгинде жайгаш­кан. Автомобиль жолдор тоому. Джибути –

Джибути порту.

Аддис-Абеба темир жолунун акыркы станциясы (1917). Эл аралык аэропорту бар. Инди океанынын ала­бынын батыш бөлүгүндөгү эӊ ири маанилүү порт (жылына 6 млн тга чейинки жүк, жыйырма фут эквиваленттеги 250 миӊдей контейнер ташылат; негизинен кофе, тери, туз сыртка чыгарылып, сырттан нефть ж-а нефть продуктуларын алат). 1888-жылы француздар деӊиз порту катары негиз­деген. 1896-жылдан Франциянын колониясы Со­малинин жээгинин (1967-жылдан Афарлар м-н Исса аймагынын) административдик, 1977-жылдан Джибути мамлекетинин борбору. 1949-жылдан эркин порт деп жарыяланган. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын ор­тосуна таандык колония курулуштары, президент сарайы, Хамули мечити сакталган. Университет иштейт (2006). Шаардын экономикасы кеме кат­тоону тейлөөгө байланыштуу; ал Суэц каналы аркылуу өткөн транзиттик жүктөрдү, Эфиопи­янын ж-а Сомалинин түндүк-батышынын сырт­кы соодасын, Сауд Арабия танкерлерин, ошондой эле Франциянын деӊиз аскер флотун тейлөөнү кам­тыйт. Нефтини кайра иштетүүчү, текстиль, бул­гаары, тамак-аш, курулуш материалдар, кеме ремонттоочу, деӊиз тузун өндүрүүчү өнөр жай ишка­налары бар. Балык кармалат.