ДЖИБУТИ (мамлекет)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(ДЖИБУТИ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЖИБУ́ТИ (Djibouti), Д ж и б у т и Р е с п у б­ л и к а с ы (Ptpublique de Djibouti) – Африка­нын түндүк-чыгышындагы өлкө. Түндүгүнөн Эри­терия, түштүк-чыгышынан Сомали, түштүгүнөн ж-а батышынан Эфиопия м-н чектешет. Чыгы-

шынан Кызыл деӊиздин Аден булуӊу чулгап жа­тат (жээк сызыгынын узундугу 314 км). Аянты 23,2 миӊ км2. Калкы 1,1 млн (2023). Борбору – Джибути шаары. Расмий тили – араб ж-а француз тилдери. Акча бирдиги – джибути франкы. Административдик аймактык жактан 5 округга бөлүнөт (к. таблицаны).

Джибути – БУУнун (1977), Африка биримдиги уюму­нун (1977), Африка союзунун (2002), Блокторго ко­шулбаган өлкөлөр кыймылынын, Араб өлкөлөрү лигасынын (1977), Ислам конференциясы уюму­нун (1994), Чыгыш ж-а Түштүк Африка жалпы рыногунун (1994), Европа биримдигинин ассо­циациялык мүчөсү.Мамлекеттик түзүлүшү. Джибути – унитардык мам­лекет. Башкаруу формасы – президенттик рес­публика. Конституциясы 1992-жылы кабыл алын­ган. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку орга­ны – Улуттук жыйын. Аткаруу бийлигин пре­мьер-министр жетектеген өкмөт жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Прогресс үчүн элдик бирим­дик партиясы (ПЭБ), Демократиялык жаӊылануу партиясы, Улуттук-демократиялык партия, Биримдик ж-а демократияны калыбына келтирүү үчүн фронту.Табияты. Аден булуӊунун жээгине абразия-аккумуляциялык түздүктөр мүнөздүү, айрым жерлери коралл рифтери м-н чектелген. Тажу­ра булуӊунун түндүк ж-а түштүк жээктери абразия-­аккумуляциялык, көбүнчө бийик, жарлуу, ай­рым жерлеринде кууш пляждары, сайроондор бар. Рельефине бийиктиги 2021 мге жеткен (Му­са-Али чокусу, өлкөнүн эӊ бийик жери) жапыз ж-а орто бийик жанар тоо массивдеринин, жа­пыз лава платолорунун айкалышып жатышы мүнөздүү. Тажура булуӊунан батышта Африка материгинин эӊ чуӊкур жери – Афар ойдуӊу жай­гашкан, андагы Асаль көлүнүн бети деӊиз деӊгээлинен 153 м төмөн. Өлкөнүн борбордук ж-а түштүк-батыш бө­лүктөрүндөгү аккумуляциялык-денудациялык ж-а аккумуляциялык түздүктөрдүн борбордук чуӊкур­чактарын туздуу көлдөр ж-а шор жерлер ээлейт.Джибутинин аймагы Чыгыш Африка рифт систе­масындагы Афар ойдуӊунда жайгашкан. Жер ­титирөө тез-тез болуп турат; катуу жер ти­тирөөлөр 1969-, 1988-, 1994-ж. болгон. Аракет­теги жанар тоолор бар (Ардукоба жанар тоосу акыркы жолу 1978-жылы атылган). Кен байлык­тары: сал тузу (Асаль көлүндө), гипс, курулуш материалдары. Терм сууларынын булактары бар. Климаты тропиктик, кургакчыл. Январдын орточо температурасы 25°С, июлдуку 35°С. Жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 50 ммден (Асаль көлүнүн
Сайдын (уэддин) нугу.

жээгинде) 300 ммге чейин (Тажура булуӊунун түндүк тарабындагы тоо капталдарында). Джибутинин аймагы кургак сайлар (уэддер) м-н жыш тилме­ленген, туруктуу аккан дарыясы жок. Эфиопия м-н чектешкен жерде өлкөдөгү жалгыз тузсуз көл – Аббе жайгашкан.

Кылкан-бадалдуу жарым чөл өсүмдүктөрү ба­сымдуу, ага суйдаӊ чөп өсүмдүктөрү ж-а сейрек өскөн жапыз акациялар мүнөздүү. Шор жерлер­де споробол, сведа үстөмдүк кылган галофит өсүм­дүктөрү өсөт. Дай улуттук паркында (аянты 10 миӊ га) арчалуу сейрек токой массиви корголот. Аден булуӊун жээктей мангр токою өсөт. Калкы. Джибутинин негизги калкы – куштар (89,5%), анын 48,3%ин афарлар, 41,2%ин сомалилер тү­зөт. Ошондой эле арабдар (7,5%), француздар (2,3%), амхаралар (0,4%), гректер (0,2%), индия-пакис­тандыктар ж. б. жашайт. Калкынын табигый

өсүшү 2%; 1000 кишинин ичинен төрөлгөндөрү 35,5, өлгөндөрү 19,3 (2006). Фертилдүүлүктүн эӊ жогорку көрсөткүчүнө (ар бир аялга 5,3 бала туура келет) байланыштуу жаш балдардын өлү­мү өтө жогору (1000 адамга 102 бала). Калктын курактык структурасы: 14 жашка чейинкилер – 43,4%, 15–64 жаштагылар – 53,3%, 65тен аш­кандар – 3,3%. Калктын орточо курагы 18,2 жаш.
Өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 43,2 жаш (эр­кектердики – 41,9, аялдардыкы – 44,5 жаш). 105 эркекке 100 аял туура келет. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 34 адам. Өлкөнүн кал­кынын 81% Джибути шаарында (642,8 миӊ; 2007) жашайт; башка ири шаарлары: Али-Сабих (кал­кы 41,3 миӊ), Тажура (22,9 миӊ), Обок (18,3). Экономикалык активдүү калкы 282 миӊ.

Тарыхы. Джибутинин түндүгүн б. з. ч. 3-кылымда Арабия­дан келген байыркы афар уруулары ээлешкен. Биздин эранын башында афарларды сомалилик исса уруулары сүрүп чыгарат. 825-жылдан ис­лам дини таркай баштаган. Андан кийин Джибутинин 19-кылымдын ортосуна чейинки тарыхы Сомали жарым аралынын калган бөлүктөрүнүн тарыхы м-н бай­ланыштуу (к. Сомали Республикасы). 1862-жылы француздар Обок портун сатып алган. 1888-жылы Француз Сомалисинин бир бөлүгү катары басып алынып, 1896-жылдан Франциянын колония­сына айланган ж-а Джибути шаары анын борбору болуп калган. 1897-жылы Эфиопия м-н Франция­нын ортосундагы келишим боюнча темир жол куруу ма­селеси чечилип, 1917-жылы Джибути м-н Аддис-Абебаны байланыштырган жол курулуп бүткөн. 1946-жылы Джибутиге Франциянын «Алыскы деӊиз аймагы» ста­тусу ыйгарылган. 1960-жылдардын аягында Со­мали Республикасынын колдоосу м-н исса улутчулдары негизинен афарлардан ж-а француздардан тур­ган өкмөткө каршы партизандык согушту баш­ташкан. 1967-жылы июндан Франциянын Афарлар ж-а Иссалар аймагы деп аталып, өз алдынча башкаруу укугуна ээ болгон. 1977-жылы 27-июнда өлкө көз каранды эместикке жетишип, Джибути республикасы деп аталды. Өлкөнүн биринчи президенти бо­луп Хасан Гулед Аптидон шайланды. 1981-жылы ал экинчи жолу шайланып, ошол эле жылы өлкөдө бир партиялык система киргизилген. 1993-жылы ал 6 жылдык мөөнөткө төртүнчү ирет президен­ттикке шайланган. 1991-жылдан өлкөдө оппо­зициялык партия – Биримдик ж-а демокра­тияны калыбына келтирүү үчүн фронтунун (БДККФ) таасири жогорулады. 1993-жылдагы шай­лоодон кийин өлкөдө өкмөттүк аскерлер м-н БДККФтин ортосунда куралдуу кагылышуу­лар башталды. 1996-жылы каршылаштар ортосун­да тынчтык жарашуу келишимине кол коюлуп, 1997-жылы парламенттик шайлоодо БДККФ м-н Про­гресс үчүн элдик биримдик партиясы жеӊишке же­тишти. 1999-жылы президен­ттик шайлоодо ПЭБдин өкүлү Омар Гуллех жеӊип чыкты.

Чарбасы. Джибути – экономика­сы динамикалуу өнүккөн


өлкө. Экономикасы Джибу­ти портунун, эл аралык аэропорттун, Джибути – Аддис -Абеба темир жолунун иштөөсүнө, эмгек мигрант­тарынан түшкөн акчага байланыштуу; жалпысы­нан соода-сатыкка ж-а аны тейлөөгө багытталган. Эко­номикасына сырткы жар­дамдар ж-а чет өлкөлүк капитал кеӊири тартылат. Финансы сектору джибути франкынын (АКШ долла­рына байланыштырылган) эркин алмашуусуна шарт түзгөн. Чет өлкөлүк аскер бөлүкчөлөрүнөн (Франция, АКШ, Германия аскер деӊиз флотторунун базаларынан) түшкөн кирешенин да маа­ниси зор. ИДПнин өлчөмү 1,6 млрд доллар (сатып алуу­суна жараша; 2005); аны киши башына бөлүштүргөндө 2000 доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүмү 3,2% (2005). ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 81%, өнөр жайыны­кы 16%, айыл чарбасыныкы 3%.

Өнөр жайы начар өнүккөн; өнөр жайлуу негизги борбо­ру – Джибути шаары. Айыл чарба сырьёсун ж-а деӊиз про­дуктуларын кайра иштетүүчү, тамак-аш (сүт, ун, кондитердик азыктарды, минералдуу суу чы­гаруучу заводдор), текстиль, булгаары, кагаз, фар­мацевтика боюнча чакан өнөр жай ишканалары ба­сымдуу. Джибути портунда нефтини кайра иш­тетүүчү ж-а сактоочу, курулуш материалдарын, деӊиз тузун чыгаруучу заводдор, механикалык ж-а тигүү устаканалары иштейт. Өндүрүлгөн электр энер-

Джибути акчасы.

гиясы (240 млн кВт · с; 6 ЖЭС иштейт) өлкө­нүн ички муктаждыгын (223,2 млн кВт · с; 2003) толук камсыз кылат. Асаль көлү ченде геотер­малдык станциясы курулууда (2007).

Айыл ж-а балык чарбалары калктын азык-тү­лүккө болгон муктаждыгын 10%ке чейин гана канааттандырат. Айдоо жери жокко эсе. Айыл чарбасынын негизги багыты – көчмөн ж-а жартылай көчмөн мал (эчки, кой, төө, уй, эшек) чарбасы. Негизи­нен жашылча, бакча, мөмө-жемиш өстүрүлөт. Балык ж-а бермет, коралл, деӊиз былпылда­гын уулоо өнүккөн.

Джибути – Адис-Абеба темир жолу иштейт (Джибу­ти жак бөлүгүнө Эфиопия м-н кошо ээлик кылат;

узундугу 106 км). Автомобиль жолунун узундугу 2,9 миӊ км. Жүктүн негизги бөлүгү Джибути порту аркылуу өтөт. Порттон 10 км аралыкта жаӊы Дорале порту курулууда (2004-жылдан). 13 аэро­порт, Джибути шаарында эл аралык аэропорт бар. Импортунун товардык наркы (987 млн дол­лар; 2004) адатта экспорттун наркынан (250 млн доллар) ашат. Негизги экспорттолчу товарла­ры: булгаары ж-а тери, кофе (транзиттик), реэкспорттук операциялар. Экспорт боюнча негиз­ги соода шериктештери: Сомали (наркынын 53%), Йемен (23%), Эфиопия (5%). Транспорт жабдуулары, азык-түлүк, нефть продуктулары, химикаттар, дары-дармек, өнөр жай буюмдары не­гизинен Франциядан (13%), Эфиопиядан (12%), Италиядан (9%), ошондой эле Индия, Кытай, Сауд Арабиясы ж. б. өлкөлөрдөн сатылып алынат.

Маданияты. Билим берүү тармагында акысыз ж-а сөзсүз түрдө 6 жылдык баштапкы билим берүү киргизилген, бирок көпчүлүк окуучулар үчүн ал Куранды окуп-үйрөнүү м-н чектелет. Баштапкы билим берүүчү мектептер мамлекеттик ж-а Рим-католик чиркөөсүнүн жетегинде. Орто мек­тептерде окутуу мөөнөтү 7 жыл. Калктын жал­пы сабаттуулугу (15 жаштан жогору) 68,6%ти түзөт (2004). Жогорку билимге ээ болууну каа­лагандар Джибу­ти университетинен билим алышат (2006).

Адабияты негизинен француз тилинде калып­танган. Джибу­ти жазуучу-акындарынын көркөм чы­гармаларында негизинен өлкөдөгү кырдаалды чагылдырган социалдык-саясий, анын ичинде африка салт-санааларынын сакталышы тууралуу масе­лелер камтылган. Драматургдар И. А. Абди, А. М. Робле, акындар Ш. Ватта, И. Й. Эльми ж. б-дын чыгармалары калк кадырлап, сүйүп окуган чыгармалардан. Айрыкча, А. Ваберинин «Көлөкөсүз өлкө» (1994) аӊгемелер жыйнагын, «Транзит» романын (2003) белгилеп кетсе болот. Музыка өнөрүндө жергиликтүү калктын – афар, сомалийликтер ж-а арабдардын салттуу өнөрү таасын байкалат. Алардын ичинен афар ырчысы – Шейх Ахмад көпчүлүккө таа­нымал. Шаарларда болсо батыш музыкасынын таасири өтө чоӊ. Апталык «La Nation de Djibouti» гезити ж. б. басылмалар чыгып ту­рат. 1978-жылы Джибу­ти маалымат агентчилиги түзүлгөн. 1956-жылы өкмөттүк радиоберүү ж-а телекөрсө­түү кызматы негизделген. Берүүлөр француз, араб, афар, сомали тилдеринде уюштурулуп, Джибути шаарында ж-а анын тегерегинде гана ук­турулат. Жеке менчик радио, телекомпания­лар жок. АКШ тарабынан каржыланган «Radio Sawa» Джибути шаарындагы станциядан Чыгыш Африкага араб тилинде уктурууларды таратат.

Ад.: Джибути // БРЭ, т. 8. М., 2007.