ДИАЗОБИРИКМЕЛЕР
ДИАЗОБИРИКМЕЛЕР – азоттун эки атому м-н көмүр тектин бир гана атому байланышкан тобу бар органикалык бирикмелер. Жалпы формуласы RN2X. Ароматтык диазобирикмелерде Х – кислотанын калдыгы же гидроксид тобу. Алифаттык диазобирикмелерде Х-тобу жок. Алифаттык диазобирикмелер туруксуз ж-а реакцияга өтө жөндөмдүү; ысытканда жарылуу м-н ажырайт, суу, галогениддер ж. б. м-н реакцияга кирип, азотту бөлүп чыгарат. Ароматтык диазобирикмелерде диазотоп ароматтык радикалдарды ж-а органикалык эмес бирикмелердин калдыктарын кармап турат. Ароматтык диазобирикмелердин көпчүлүгү туруксуз ж-а реакцияга өтө жөндөмдүү болот. Катуу абалындагы диазобирикмелерди ысытканда же урганда катуу жарылат. Эритме түрүндө өтө акырындык м-н, ошондой эле жарыктын таасиринен ажырайт. Ароматтык диазобирикмелер түрдүү органикалык бирикмелерди синтездөөдө ж-а азобоёкторду алуу өнөр жайында кеӊири колдонулат. Ароматтык аминдерди диазоттоодон алынат.