ДИАЗОНИЙ ТУЗДАРЫ
ДИАЗО́НИЙ ТУЗДАРЫ – курамында азоттун эки атому бар органикалык бирикмелер тобу. Жалпы формуласы: [Ar–N≡N]+Х– (мында Ar –ароматтуу же гетероциклдүү радикал; Х – күчтүү кислоталардын калдыгы ж. б.). Түссүз катуу заттар, сууда жакшы эрийт; борфторидинен башкасы жарылгыч. Диазоний туздары галогендин анионуна ж-а диазонийдин катионуна диссоциацияланат. Ароматтык диазоний туздары башка ароматтык бирикмелерге караганда реакцияга өтө жөндөмдүү. Галогендүү туздары айрым элементтердин галогендүү туздары м-н кош туздарды пайда кылат. Булар жездин майда күкүмдөрүнүн таасири м-н ароматтык элемент органикалык бирикмелерге айланат. Диазоний туздары күчтүү кислотанын чөйрөсүндө ароматтык биринчилик аминдерге NaNО2 таасир кылуудан алынат:C2H5NH2+NaNO2+2HCl→C6H5N ≡NCl NaCl+2H2O.
Ал ар түрдүү боёкторду, бензолдун ж-а анын гомологдорунун туундуларын синтездөөдө колдонулат.