ДИАЛЕКТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЛЕ́КТ (гр. dialektos – сүйлөө, сүйлөшүү) – жалпы элдик тилдин бир бөлүгү, белгилүү бир аймакка тараган тилдик бөтөнчөлүктөр; тил­дин кээ бир грамматикалык, фонетикалык жана лексикалык өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган түрү. Кыргыз тилинде «түндүк» жана «түштүк» деп шарттуу аталган эки диалект бар. Түндүк диалектиге: Чүй, Талас, Ысык- Көл, Нарын облустарында, ал эми Түштүк диалектиге: Ош, Жалал-Aбад, Баткен облустарында жана Өзбекстан менен Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили кирет, мисалы, чака (түндүк) – челек (түштүк), чөбөгө (түндүк) – тыбыт (түштүк). Көркөм чыгармада каар­мандардын образын ачып берүү үчүн колдону­лат. Адабий тилдин жана ММКлардын өнүгүшү менен диалектилик айырмачылык бара-бара жоюлушу мүмкүн.