ДИАЛЕКТИКА
ДИАЛЕ́КТИКА (гр. dialektike – аӊгеме жүргүзөм, ой калчайм, сөзмө-сөз — аӊгемелешүү, маек куруу чеберчилиги) – дүйнөнү таанып-билүүнүн жалпыга таандык методологиясы жана теориясы. Антикалык философияда дүйнөдөгү бардык нерселер тынымсыз өзгөрүү абалында экенин, мындай аккан дүйнөнүн өнүгүүнүн жүрүшүндө өзүнүн карама-каршысына өтүүчү ролун көрүшкөн. «Диалектика» терминин алгачкы жолу элейлик философ Зенон колдонгон. Аристотелдин өзүнүн ырастоосунда диалектика – бул талаш-тартыштын каражаты менен же карама-каршы пикирлерди талкууга алуу жолу менен акыйкатка жетүү өнөрү. Гегелдин диалектикасында ар бир нерсе өзүнө-өзү теӊ, жана ошол эле убакта ал өзү-өзүнө барабар эмес, ал бир түрдүү, бүтүн да, ошол эле учурда көп тарамдуу, татаал түзүлүш да, бир жагынан өлбөс-өчпөс, түбөлүктүү болсо, ошону менен бирге өтүп кетүүчү, убактылуу, утурумдук көрүнүш. Ошондон улам диалектика дүйнөнү таанып-билүүнүн баарына таандык философиянын жалпы методологиясы болуп эсептелет. Философиянын тарыхында «диалектика» термининин айланасында ар түрдүү чечмелөөлөр, түшүндүрмөлөр болуп келген: бир даары аны «диалог өнөрү» десе, да бирлери карама-каршы пикирлерди күрөштүрүү жолу менен акыйкатка жетүү (Сократ), же нерселердин маӊыздарынын сезим чегинен тышкаркы (идеалдуу) жагына жетүү максатында түшүнүктөрдү бөлүк-бөлүктөргө бөлүү ыгы жана байланыштыруу жолу (Платон), нерсени толук бойдон, абсолюттуу билүүгө киришүүнүн жүрүшүндө сөзсүз болуучу каршылыктардын натыйжасында улам келип чыккан адам акыл-эсинин бурмаланган түшүнүгүн бузуп-кыйратуу ыкмасы (И. Кант. «Трансценталдык диалектика») деп эсептешкен. Ал эми Г. В. Ф. Гегель философиянын тарыхында баарын кеӊири камтыган диалектиканын жалпы, универсалдуу системасын биринчи жолу жараткан.
Т. Абдылдабеков.