ДИАМЕТР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДИА́МЕТР (гр. diāmetros – туурасы) – 1) a й л а н а н ы н (т е г е р е к т и н) борбору аркылуу өтүүчү хорда. Айлананын диаметри бул хорданын узундугу деп да аталат. 2) Э к и н ч и т а р т и п т е г и с ы з ы к т а р д ы н диаметри – параллель хордалардын ортосу аркылуу өтүүчү түз сызык. Хорданы теӊ экиге бөлүүчү диаметр хорда-

га тутумдаш деп аталат. Эллипс ж-а гиперболанын диаметри ийринин борбору аркылуу өтөт (а, б сүрөт). Өз ара перпендикулярдуу тутумдаш диаметр б а ш к ы диаметр деп аталат. Параболанын диаметри анын симметрия огуна параллель (в сүрөт). 3) М е т р и к а л ы к м е й к и н д и к т е г и к ө п т ү к т ө р д ү н диаметри – көптүк чекиттеринин арасындагы аралыктардын жогорку чеги.