ДИАПАУЗА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАПА́УЗА (гр. diāpasis – тыныгуу) – көпчүлүк жаныбарлардын өөрчүүсүндөгү зат алмашуунун кескин төмөндөшү ж-а форма түзүүчү процесстер­дин токтолушу м-н мүнөздөлгөн физиологиялык тереӊ тыным мезгили. Диапаузанын башталышы метамор­фозаны ж-а өөрчүүнү иретке салуучу нейроэндок­рин системасынын өзгөрүүлөрү же өөрчүүгө тос­коол болуучу атайын гормондордун бөлүнүп чы­гышы м-н шартталат. Организмдеги диапауза м-н өөр­чүүнүн муун алмашуусун мезгилдик цикл жа­ратат. Курт-кумурскаларда диапаузанын башталышын шарттоочу маанилүү экологиялык факторлорго күндүн узактыгы ж-а температура кирет. Диапаузанын токтолушу ж-а өөрчөөнүн калыбына келиши организмге төмөнкү температуранын же күн жарыгынын узак­ка таасир этүүсүнөн келип чыгат. Ар кайсы түр­дөгү курт-кумурскалардын диапаузасы алардын тири­чилигиндеги белгилүү гана баскычтарга туш ке­лет. Алсак, курт-кумурскалардагы диапауза эмбрион­дук ж-а имаголук болуп бөлүнөт. Диапауза учурунда организмдин сырткы ыӊгайсыз шарттарга бол­гон байымдуулугу артат.