ДИАТОМ БАЛЫРЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИА́ТОМ БАЛЫРЛАРЫ (­acillariophyta) – бир клеткалуу микроскоптук майда жандыктар. Алар жалгыздап же топтошуп жашайт. Топ­тошкону жип, тасма, чынжыр, жылдызча ж-а формасыз плёнка түрүндө болот. Диатом балырлары – балыр­лардын эӊ көп таркалган тиби. Жер бетинин бардык бөлүгүндө кездешет. Туздуу, тузсуз суу­ларда, топуракта, нымдуу аскаларда, дарак­тардын капталында, мамык чөптөрдүн арасын­да ж. б. жашайт. Диатом балырларынын протопласты цитоп­лазмадан, ядродон, бир же бир нече саргыч-күрөӊ хроматофордон ж-а клеткалык суюктардан ту­рат. Көбүнчө вегетациялык бөлүнүү ж-а аук­соспоралар (өсүү споралары) м-н көбөйүшөт. Ауксоспоралар пайда болору м-н абдан чоӊою­п, кийин жетилген клеткаларга айланат. Ауксоспоралар бир гана диатом балырларына мүнөздүү. Туз­суз сууларда, деӊиздерде, көбүнчө планктондор­до өсөт. Азыркы мезгилдеги деӊиздер ж-а суу өсүмдүктөр дүйнөсү диатом балырларынын эволюциялык өрчүүсүнүн акыркы этаптарын далилдейт, көптөгөн байыр­кы түрлөр да сакталган. Алардын 2 классы, 12 миӊден ашык түрү белгилүү. Диатом балырлары Кыргызстандын балырлар дүйнөсүнүн 60–70%ин түзөт. Алар м-н түрдүү суу жаныбарлары азыктанат.