ДИКРОЦЕЛИОЗ
ДИКРОЦЕЛИО́З (Dicrocoeliosis) – малдын боорун ж-а өт жолдорун жабыркатуучу ылаң. Трематод классындагы мите курттар козгойт. Койдо көп кездешип, бир кыйла экономикалык зыянга учуратат. Узундугу 5–15 мм, туурасы 1–2,5 мм. Жыныстык жактан өсүп жетилген мите боордун өт жолуна миңдеген жумуртка таштайт. Алар өт жолдору аркылуу ичегиге өтүп, заңы м-н сыртка бөлүнөт. Сыртта үлүл м-н кумурска денесинде ылаң козгоого жөндөмдүү метацеркарий стадиясына чейин жетилет. Булганган жем-чөп аркылуу малдын ичегисине түшүп, ал аркылуу өт жолдоруна жетип, 40–76 күндө жыныстык жактан жетилет. Ылаң уларып өтөт, мал тез арыктап, кунардуулугун жоготот, акыры өлүмгө дуушар болот. Денесинде мите көп болсо, тамак сиңирүүсү бузулат, чычкактайт. Ылаңдуу малды митеден арылтуу үчүн гексахлорпараксилол, гетол, гетолин, политрем, фенбендазол (панакур), тиабендазол, фасковерм (клозантел), фазинекс, камбендазол дарылары колдонулат. Алдын алууда малды гельминтсиздөө (ноябрь, декабрда) керек.
Д. Раимбеков.