ДИЛБАЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИЛБАЯН , с о ч и н е н и е – автор өз оюн чыг­лык м-н жазуу жүзүндө ишке ашыруу иши; мектеп программасында колдонулуп келе жат­кан жазуу ишинин бир түрү. О. эле ал кабыл алууда билимди баалоонун башкы сынамы ка­тары да кызмат кылат. Д. жазуу илим да, өнөр да болуп саналат. Д-да ошол чыгарманы жаз­ган автордун пикири, ички сезимдери, ой тол­гоолору чыг-лык м-н кагазга түшүрүлөт. Д. жа­зуу – текст түзүп, сөздү өстүрүү үчүн аткарылган окуу ишмердиги, о. эле автордун ички дүйнөсүн, турмуштук көз карашын калыптоочу тарбия­лоо каражаты ж-а эстетикалык табитти, ада­бий-коомдук түшүнүктү өстүрүү түрү болуп са­налат. Д-дын тематикалык, жанрдык, стилдик жактары чексиз. Тематикасына карай Д. экиге бөлүнөт: 1) адабий-чыг-лык Д-да программада өтүлгөн теманын негизинде окуучулар өз ойло­рун кагазга түшүрөт; 2) эркин темадагы Д. ата­йын өтүлбөгөн, өз алдынча окулган чыгарма­лардын же көргөн фильм, спектакль, сүрөттөр­дүн, интернет материалдарынын, турмуштан алган таасирлеринин негизинде жазылат. Ай­рым окумуштуулар Д-ды козгогон маселеси­нин түрү б-ча үчкө (мүнөздөмө, адабий-сын, «эр­кин» темадагы) бөлүшөт. Д-да текст тиби үч түр­дүү болот: а) баяндоо; б) сүрөттөө; в) ой жүгүртүү. Д. жанрлар б-ча да бөлүнөт (көркөм, публ., ил., адабий, репортаж, рецензия, портреттик очерк, салыштырма мүнөздөмө, аннотация, аңгеме, фе­льетон ж. б.), кээде ар түрдүү жанрлар арала­шып, андагы бир эле каармандын образын тал­доодо Д-дын автору мүнөздөмөнү, портретти, адабий сынды ж. б. колдоно билиши анын окум­дуулугун арттырат. Д. кара сөз, ыр, драма түрүндө жазылат, кыргыз мектептеринде көбүн­чө кара сөз түрүндөгүсү кездешет. Стилине ка­рай көркөм, публ., ил. стилдерде жазылышы мүмкүн, көп учурда бул үчөөнүн ширелишип, бири-бирин толуктап турганын да көрөбүз. Бир эле Д-дын ичинде көркөм адабий чыгарма, илим­дин тили м-н бул же тигил көрүнүштү түшүн­дүрүү, коомдук актуалдуу меселелерди көтөрүп чыгуу да кездешет. Анда окуучу же автордун программалык материалдарды өздөштүрүү дең­гээли, түшүнүгү, кабылдоо табити, логикалык ой жүгүртүүсү, көз карашы, стили, орфогр. ж-а пунктуациялык сабаттуулугу айкын көрү­нөт. Д. аркылуу адам өзүн өзү чагылтат, ички дүйнөсүн ачат. Кыргыз ад-тын окутуу тарыхында Д-ды Б. Алымов («Жогорку класстарда жазуу жумуштарын жүргүзүүнүн айрым маселелери», 1968; «Мектеп сочинениеси», 1982), А. Муратов («Сочинение кандайча жазылат?», 1992), С. Рыс­баев («Окуучунун дилбаяны») изилдеген. А. Муратов.