ДИН
ДИН — Кудайга ишенүүгө негизделген көз караштар м-н аракеттерге толгон бөтөнчө бир рухий дүйнө. И л и м д е: адамдын ж-а адамдардын аң-сезиминде, кулк-мүнөзүндө, жүрүмтурумунда, иш-аракеттеринде өзгөчө таасирге ээ рухий көрүнүш; 1) табынуу, сыйынуу объектиси болуп саналган табияттан тышкаркы күчтөргө (Кудайдын кудуретине, арбактарга) берилип ишенүүгө негизделген түшүнүмдөр, ишенимдер, элестер, аң-сезимдер жыйындысы; 2) адам м-н Кудайдын (же табияттан тышкаркы күчтөрдүн) ортосундагы мамилелер системасы, санжабы; 3) ишенимдердин, таатибадаттардын, табынуу-сыйынуулардын маңызын билдирген жалпы атамасы. Т е о л о г и я д а: Кудайды аңдап билүүгө, анын чексиз улуу кудуретине терең ынаным м-н таанууга алып баруучу бирден бир жол; адамзат түзгө н илим-билим түрлөрүнүн эч бири Кудайды аңдоого, анын кудуретин таанууга ж-а түшүнүүгө жөндөмсүз делет. А т е и з м д е: бир же бир нече кудай бар, табияттан тышкары кереметтүү илме кайып күчтөр бар деген ишенимге таянган көз караштардын, сезим-туюмдардын, ырым-жырымдардын, каада-салттардын жыйындысы. Д. түшүнүгүнө диний мекемелер (мечит, чиркөө, буткана ж. б.) ж-а диний кызматкерлер (бакшы, поп, молдо ж. б.) да кирет. Анын белгиси – реалдуу дүйнөдөн тышкары сырдуу күчтөр бар экенине, аңдабастан, сокур ынануу; табияттагы же коомдогу кадыресе эле көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, байланыштардын, мыйзамченемдердин аңсезимде укмуштанып, теңирден тескери чагылышы («адамдардын башында, алардын күнүмдүк турмушунда үстөмдүк кылган сырткы күчтөрдүн фантастикалык чагылуусу – жердеги күчтөр, жердик эмес формага ээ болгон чагылуу» Ф. Энгельс). Д-дин тарыхта белгилүү алгачкы түрлөрү: магия, тотемизм, фетишизм, анимизм д. у. с. Тарыхый өнүгүү формалары: уруулук, улуттук-мамл. (этностук), дүйнөлүк (буддизм, христиан, ислам). Т. Абдылдаев.