ДИНА
ДИ́НА Нурпейисова (1861, Казакстан, Жаңыкала р-ну – 31. 1. 1955, Алматы) – домбрачы, күүчү, композитор, казак мад-тынын көрүнүктүү ишмери, Казак эл арт. (1944). Д. 8–9 жашында домбра чертүүнү үйрөнгөн. Курмангазы м-н жолугушуусу (1870) чыг-лык жолунда чечүүчү роль ойногон. Курмангазы Д-нын талантына көңүлү толуп, ага чоң үмүт артат, өзүнө шакирт кылып алат. Д. устатынан күүчүлүк-аткаруучулук өнөрүнүн өзгөчөлүктөрүн, стилин, чеберчилигин өздөштүрүп, мектебинен өтүү Д-нын домбрачылык өнөрүн өргө көтөрөт. Ал өзү да күү чыгара баштайт. Д-нын алгачкы «Булбул», «Байжума», «Көгөнтүп» аттуу күүлөрүндө элдин


күүчүлүк салты ачык-айкын сезилет. Д-нын чыг-лыгынын такшалышы, күүчүлүкаткаруучулук өнөрүнүн өркүндөшү совет дооруна туш келди. 1937-ж. Элдик өнөрпоздордун респ. кароосунда 1-байгеге ээ болгон, 1939-ж. Москвада өткөн элдик музыка аспаптарында аткаруучулардын бүткүл союздук
кароосунда 1-орунду ээлеп, «Домбранын Жамбылы» аталган. Анын салтанаттуу, өзгөчө бир шаттыкка толгон «Той баштары», көркөм ыргактуу «Булбулу» м-н «Асемкоңуру» – жагымдуу үн, терең мазмун м-н жаңы багыттагы казак күүлөрүнө негиз салган чоң табылга. Күүчү мезгил чындыгын чыгармаларында бийик чабыт, толкундатуучу сезим м-н күүгө салды («Жеңиш», «Эне аманаты», «Сегизинчи март», «Саанчы», «Эмгек баатыры» ж. б.). Курмангазынын, Давлеткерейдин, Түркештин салтын өнүктүрүп, өз мезгилиндеги казак күүчүлүк өнөрүн жаңы бийиктикке көтөрдү. Анын чыг-лыгы, чеберчилиги тууралуу А. Жубанов, Г. Бисенова, Ж. Рсалдин ж. б. изилдөөчүлөр жазды. С. Бакбергеновдун «Кайран энем» (1963) романы, башка көптөгөн эмгектер жаралды. Д-нын аты муз. мектептерге, шаар көчөлөрүнө коюлган. 1996-жылдан жыл сайын домбрачы жаш өспүрүм кыздар арасында Д. атн. «Булбул домбра» аттуу респ. кароо өткөрүлөт. Д. эки Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Казактардын музыкалык маданияты. А.-А., 1957; Жубанов А. Гасырлар пернеси (Кылымдар кылы). А.-А., 1975; Ахметова М., Ерзакович Б., Жубанов А. Советтик Казакстандын музыкасы. А.-А., 1975. Ч. Жумагулов.