ДИНАМИКА 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИНА́МИКА 1 (гр. denamikos – күч) – механика­нын бөлүмү; сырткы күч таасир кылгандагы ма­териалдык нерсенин кыймылын изилдейт Клас­сикалык Д. Ньютондун закондоруна негиздел­ген. Н ь ю т о н д у н 1-закону (инерция зако­ну): эгерде материалдык чекитке эч бир күч ара­кет этпесе же аракет эткен күчтөр өзара тең сал­макта болсо, анда материалдык чекит тынч аба­лын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймы­лын сактайт. Материалдык чекиттин мындай абалы, инерциялык абал ж-а анын ошол абал­ды сактап туруу касиети инерттүүлүк касиети деп аталат. Н ь ю т о н д у н 2-закону Д-нын негизги теңдемеси болот. Эгерде материалдык чекитке күч аракет этсе, ал инерциялуу эсептөө системасына салыштырмалуу ылдамдатылган кыймылга келет ж-а чекит массасынын анын ылдамдануусуна болгон көбөйтүндүсү аракет эт­кен күчкө барабар: F=ma. Материалдык чекит­ке бир эле учурда бир нече күч аракет этсе, на­тыйжалоочу күч суперпозиция принциби б-ча аныкталат. Ошондуктан натыйжалоочу күч материалдык чекитке аракет эткен күчтөрдүн вектордук суммасына барабар. Ньютондун 3-за­кону нерселердин өз ара аракеттенишүү закону: эки материалдык чекит, абс. чоңдуктары б-ча бирдей ж-а чекиттерди туташтырган сызыкты бойлоп, бири-бирине карама-каршы багыттал­ган күчтөр м-н аракет этишет (F1= – F2). Д-да типтүү эки маселе каралат: Т ү з м а с е л е. Нерсенин баштапкы абалы, массасы ж-а ага аракет эткен күч белгилүү. Нерсенин ылдамда­нуусун, анын кыймыл теңдемесин таап, траек­ториясын аныктоо. Т е с к е р и м а с е л е. Материалдык чекиттин кыймыл теңдемеси, массасы белгилүү. Материалдык чекитке аракет эткен күч аныкталат. Катуу нерсенин айлануу кыймылы үчүн Д-нын негизги теңдемеси Нью­тондун 2-законунан келип чыгат. Кыймылсыз октун айланасында катуу нерсенин айлануу кыймылы үчүн негизги теңдеме: Mz=Izε, мында M – айландыруучу момент нерсеге ара,кет эт­кен күчтөрдүн моменттеринин суммасына бара­бар, Iz – нерсенин айлануу огуна салыштыр­малуу инерция моменти, ε – бурчтук ылдам­дануу. Негизги теңдеменин жардамы м-н айла­нуу кыймылынын теңдемеси табылат; экинчи маселесинде, тескерисинче, нерсенин кыймыл теңдемеси, анын инерция моменти белгилүү болсо, ага аракет эткен күчтүн моменти анык­талат.

Ад.: Машиностроение: Энциклопедия. М., 1999. Раз­дел 1. Т. 1–2: Теоретическая механика. Термодина­мика. Теплообен; Курс теоретической механики /Под ред. К. С. Колесникова. М., 2000. Т. 1.