ДИН ЫРЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИН ЫРЛАРЫ – диний мазмундагы ырлар; элдик оозеки чыг-лыктын бир түрү. Д. ы-нын сюжети негизинен диний китептердин булакта­рынан (Библия, чиркөө гимндери, Куран, ди­ний легендалар ж-а апокрифтер) турат. Д. ы-н дубана, сокурлар муз. аспаптын коштоосунда ырдаган. Орус фольклорунда Д. ы. 15-к-дан бел­гилүү. Айрыкча 17-к-дан тартып диний эски ырым-жырымды жактоочулар м-н сектанттар арасында кеңири тараган. Д. ы-нда тарыхый окуялар, элдин жакшылык ж-а адилеттик, дүй­нөнүн жаралышы ж. б. ж-дөгү ой жүгүртүүлөрү өзүнчө бурмаланып баяндалган. Кыргыз элдик оозеки чыг-лыгында жалпы эле дүйнө элдери­нин фольклорундагыдай Д. ы. өзгөчө орунду ээлейт. Анткени, Д. ы-нын түпкү жаралышына адамзаттын байыркы баёо «балалык» мезгилинде дүйнөнү миф аркылуу кабылдоосу түрткү бол­гон. Ал эми миф алгачкы учурда поэтикалык чыг-лыктын, адепки динди ж-а курчап турган дүйнөнү таанып-билүүнүн илимге чейинки көз караштарынын синкреттик биримдигинен түзүл­гөндүгү маалым. Элдик оозеки чыг-лыктын баш­ка түрлөрүнөн айырмаланган Д. ы-нан бир эле учурда поэтикалык чыг-лыктын өзүнөн башка да алгачкы адамдардын диндик, филос. көз ка­раштарынын элементтерин табууга болот. Ошол эле учурда Д. ы-н салыштыра карай келгенде, ал ырларды жараткан эл кандай тарыхый доор­лорду башынан өткөргөндүгү туурасында маа­лымат алууга шарт түзүлөт. Ушуга байланыш­туу Д. ы. байыркы элдин поэтикалык чыг-лы­гын, динин, философиясын, тарыхын изилдөөдө табылгыс булак болуп бере алат. Д. ы-нын эл­дик оозеки чыг-лыктын башка түрлөрүнөн дагы

бир өзгөчөлүгү – аларды аткарууда кандайдыр бир турмуштук шарт, себеп түрткү болот ж-а ошого ылайыкташкан ырым-жырым, жөрөлгө­лөр аткарылып жаткан учурда ырдалат. Айрым Д. ы-нын өздөрүнө таандык байыртадан келе жаткан салттык обондору ж-а атайы адистешкен аткаруучулары да бар. Кыргыз элинин Д. ы-нын көбүндө диндин алгачкы формаларына таандык ишенимдер сакталып, алардын мазмуну, кээ биринин аткарылыш жөрөлгөсү, ырым-жыры­мы азыр коңшулаш жашаган О. Азиядагы эл­дердин диний түшүнүктөрүнө, салттарына ка­раганда Сибирдеги түрк тилдүү якут, алтайлык, хакас, шор, туба элдеринин азыркыга чейин сак­талган салттык дин ишенимдери, жөрөлгөлөрү м-н өтө жакын, бир типтүү. Элдик ырларда сак­талган байыркы диний жөрөлгөлөргө караган­да, кыргыздар фетишизм, анимизм, тотемизм ишенимдеринде болуп келишкен. Жогоруда атал­ган диндер бири-бири м-н жуурулушуп, алар­дын айрым элементтери кыргыздардын каада­салттарында, а. и. диндик ырым-жырым, жө­рөлгөлөрүндө ыр же айтым түрүндө рудимент катары өз издерин күнү бүгүнкүгө чейин сактап келет. Сов. доордун алгачкы учурунда элдик оозеки чыг-лыкты эл арасынан жазып чогул­туу ишинде атеисттик идеологиянын таасири м-н диндик мазмундагы ырларга көңүл бурул­бай, көптөгөн материалдар эл эсинен чыгып, кийинки муундарга жетпей калды. Алгачкы адамдар табиятка түздөн-түз көз каранды бол­гондуктан, ага жүгүнүү, баш ийип сурануу ар­кылуу колдоо, ырайым алууга умтулушкан. Ошондуктан фетишизм, анимизм, тотемизм ише­ниминдеги байыркы адамдар сөздүн керемет күчүнө ишенип, ал аркылуу жаратылыштагы бардык нерселердин, кубулуштардын рухуна, ээсине таасир этип, аны адам өз эркине багын­дырып, көндүрүп ала алат деген баёо түшүнүктө болгон. Жаратылыштагы кубулуштарды, объек­тилерди адаттан тышкары жогорку күчкө ээ кылган мындай магиялык азгырма диний кал­дыктардын көптөгөн түрү кыргыздарда ж-а алар­га тектеш, жогоруда аталган Сибирдеги түрк эл­деринде кийинки мезгилдерге чейин сакталып калган. Ислам дининин кыргыздарга тарай баш­ташы менен мурдагы фетишизм, анимизм, то­темизм, шаманизм ишенимдеринин негизинде пайда болгон ырлардын ордун мусулман ыйык­тары – Кыдыр Ильяс, Сулайман сыяктуу пай­гамбарлар, кудай (Алла) ж. б. ээлей баштады. Жер-жерлерде бала окутуу м-н гана чектелбес­тен, ар бир тойдо, ашта турмушта пайдаланыл­ган майда-барат салттарга чейин диндик мүнөз берүүгө аракет кылышып, ага арналган ырлар­дын бирден-бир булагы болгон курандын жобо­лорун, аяттарын пайдаланышып, Д. ы-н көбүн­чө молдолор чыгарышкан. Ислам дининин му­сулман элдерине таралышы м-н Курандынсүрөөлөрү, аяттары жөнөкөй түшүнүктөгү элдерге терең мистикалык, догмалык мааниде чечмеле­нип, бир жагынан күндөлүк турмушта колдо­нуучу эреже катары, экинчи жагынан саясий идеол. күчкө айланган. Кыргыз фольклорунда ислам динине байланышкан идеялар макал­ылакаптарда, табышмактарда, уламыш, леген­даларда, тарыхый даректерде, санжыраларда, жөө жомоктордо, лирикалык ырларда ж-а эпос­тук чыгармаларда аралашкан, синтездешкен түрүндө арбын учурайт. Кыргыз фольклорунда кездешкен Д. ы. лирикалык түрдүн бир жан­рын түзгөнү м-н, жетик көркөмдүккө өсүп жет­кен эмес. Алар негизинен элдик салт ырлары­нын нугунда өнүккөн. Нукура ислам дининин көз караштарын чагылдырган чыгармалар кыр­гыз фольклорунда башка лирикалык ырларга салыштырганда элдик түрү анча катуу өнүкпөй, айрым кат-сабаты жоюлган адамдардын гана чыг-лыгында учурайт. Бул чыгармалардын лек­сикасында динге байланышкан араб, фарсы тилиндеги терминдер жыш колдонулуп, грамм. жагынан чагатай тилине жакындаштырылып, муун өлчөмдөрү кыргыздын салттык ырларын­дагыдай 7–8 муундан эмес, жазма ад-ттын таа­сиринен улам, көбүнчө 11 муундуу ыр түзүлүш­төрү мүнөздүү. Кыргыз фольклорунда ислам идеологиясын чыныгы поэтикалык деңгээлге көтөргөн, өзүнчө салттык ырга айланган үлгү­лөрү кыргыздар жашаган бардык аймакка та­рап, көп варианттуулукка ээ.

Ад.: Вайнштейн С. И. Тувинское шаманство. М., 1964; Мукасов М. Дин жана арман ырлары. Б., 2001. М. Мукасов.