ДИОКТОФИМОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИОКТОФИМО́З (Dioktophimosis) – ит сымал­дардын бөйрөгүн жабыркатуучу гельминтоз ылаңы. Козгогучу (Dioktophyme renale) ачык кы­зыл түстөгү нематода, бөйрөк күлтүгүндө мите­лик кылат. Кээде киши, чочко, жылкы, бодо ылаңга чалдыгышы мүмкүн. Козгогучу бардык жерде таралган. Эркегинин узундугу 14–40 см, ургаа­чысы чоңураак келип, 20–100 см жетет. Өрчүшү аралык ээсин (олигохет курттары) ж-а убакты­луу ээсинде (олигохеттер м-н азыктанган балык, бака) өтөт. Акыркы ээсинин (ит, мышык, түлкү, карышкыр, суусар ж. б.) денесине кирген мите карынды тешип өтүп, курсак көңдөйү аркылуу боорго жетет, ал жерден бир жолу түлөп, кай­радан курсак көңдөйүнө келип, экинчи жолу түлөйт. Ошентип жыныстык жактан жетилген соң, бөйрөк күлтүгүнө келет. Соо жаныбарга булганган суудагы мите личинкалары бар оли­гохеттерди же болбосо митенин убактылуу ээсин жегенде жугат. Ылаңдаган ит кусат (митенин личинкалары карынына киргенде), кан сийет (личинкалар бөйрөгүнө жеткенде). Өтө баалуу жаныбар болсо, бөйрөгүнө операция жасайт, калганын жок кылат. Ылаңды алдын алуу үчүн ылаңдаган итке ж-а аң фермаларындагы жа­ныбарларга чийки балык берүүгө тыюу салы­нат, аларга аябай туздалган ж-а бир кайна­тылган балык берилет. Кудуктан же суу кууру­нан алынган гана суу м-н сугарылат.

Д. Раимбеков.