ДИПЛОМАТИЯЛЫК ИММУНИТЕТ
ДИПЛОМАТИЯЛЫК ИММУНИТЕТ – чет өлкөлүк дипл. өкүлдүктөргө, алардын башчылары м-н кызматкерлерине берилүүчү укуктардын ж-а артыкчылыктардын жыйындысы. 1961-ж. дипл. катнаш ж-дөгү Вена конвенциясында. Д. и. маселелерин жөнгө салуучу эл аралык укук нормалары бир системага келтирилген. Дипл. өкүлчүлүктүн имаратына эч кимдин тийбестиги, өкүлчүлүк иштеп турган жердеги мамлекеттин бийлик органдары дипл. өкүлчүлүктүн башчысынан уруксатысыз бул имаратка кирүүгө укуксуз экендиги, мамл. бийлик органдары дипл. өкүлчүлүк жайгашкан имаратка, анын архиви м-н документтерине эч кимди тийгизбей көзөмөлдөөгө милдеттүүлүгү, (ушул эрежелер консулдук имаратка ж-а алардын архивдерине да тиешелүү), өкүлчүлүктүн имараты (менчикке же ижарага алынат) үчүн салык, жыйым, бажы төлөтүлбөйт, өкүлчүлүк ж-а анын башчысы жайгашкан имаратка, о. эле анын транспорт каражаттарына өз өлкөсүнүн желегин илүүгө, эмблемасын тагууга укуктун берилиши, өкүлдөрдүн керт башына эч кимдин тийбестиги, өкүлчүлүк башчысынын камакка алынбастыгы, дипл. өкүл жашаган мамлекеттин анын коопсуздугун, эркиндигин камсыз кылууга, кадыр-баркын коргоого милдеттүүлүгү, дипл. өкүлчүлүктүн башчысынын жазык жоопкерчилигине тартылбастыгы Д. и. болот. Кыргндагы чет өлкөлүк дипл. өкүлдөр да кылмышжаза жоопкерчилик иммунитетинен пайдаланышат. Дипл. өкүл өз миссиясын аркалап жүргөн өлкөнүн мыйзамдары м-н эсептешпей коюуга укугу жок. Эгер ал бул өлкөнүн мыйзамын бузса, «персона нон грата» (бизге жагымсыз адам) катары өлкөдөн чыгарылып жиберилет. Дипл. өкүлдөргө караганда консулдардын дипл. укугу азыраак болуп, ал КР м-н чет өлкөлөрдүн эки тараптуу консулдук макулдашуусу, о. эле укуктук ички мыйзамдар аркылуу көрсөтүлөт. Эл аралык уюмдардын кызматкерлери да, адатта, бул уюмдардын уставына же атайын макулдашууларга, мис., БУУнун «Артыкчылыктар ж-а иммунитеттер» конвенциясына (1946) ж. б. макулдашылган документтерге таянат. Т. Абдылдабеков.