ДИРИЖЁРЛУК КЫЛУУ
ДИРИЖЁРЛУК КЫЛУУ – муз. чыгарма аткарып жаткан учурда коллективди башкаруунун, муз. – аткаруучулук иск-вонун бир түрү. Д. к. колдун атайын иштелип чыккан кыймылы ж-а жандоосу аркылуу дирижёр (же хормейстер) тарабынан ишке ашат. Азыркы кездеги Д. к. дирижёрдон муз. би лимди , чоң дая рдык ты, жөндөмдү ж-а ар кандай партитураны тез өздөштүрүүнү талап кылат. Д. к. байыркы заманда эле Грекия, Египетте пайда болгон. Оркестрде ойноонун өнүгүшүнөн (15-к.) ж-а көп үн м-н ырдоонун татаалданышынан улам Д. к. кичинекей таякча аркылуу жүргүзүлө баштаган. Д. к. Россияда 18-к-га чейин негизинен хор өнөрүндө колдонулган. Октябрь рев-ясынан кийин консерваторияларда операга, симфонияга ж-а хорго Д. к. б-ча атайын класстар уюштурулган. 20- к-дагы көрүнүктүү дирижёрлор: Р. Штраус, Г. Малер, А. Тосканини, Б. Вальтер, В. Фуртвенглер, О. Клемперер, Ш. Мюнш, Н. С. Голованов, С. А. Самосуд, Е. А. Мравинский, А. Ш. Мелик- Пашаев, А. В. Свешников, Е. Светланов ж. б. Кыргыз ССР иск-восуна эмг. сиң. ишмерлер Ш. Орозов, А. Аманбаев кыргыздын туңгуч дирижёрлору болгон. Кырг-нда дирижёрлук иск-вонун өнүгүшүнө А. Жумакматов, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, Э. Жумабаев, Ж. Каниметов, Р. Жумакунов, Т. Томотоев ж. б. профессионал дирижёрлор салым кошушту.
Ад.: Мусин И. Техника дирижирования. Л., 1967.