ДИСАХАРИДДЕР
ДИСАХАРИДДЕР , б и о з а л а р – молекуласында гликозиддик байланыштар м-н бириккен, 2 моносахариддин калдыгынан турган углеводдор. Д. к-талардын ж-а ферменттердин таасири астында моносахариддерге чейин гидролизденет. Көпчүлүк Д-дин курамына гексоза ж-а пентоза кирет. Д-ди пайда кылууда моносахариддеги жарым ацеталдык гидрокис тобу гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Калыбына келүүчү (мальтоза, лактоза, целлобиоза) ж-а калыбына келбөөчү болуп 2 топко бөлүнөт. Булардын касиети моносахариддерге окшош таутомердик форманы пайда кылат. Окистенүүкалыбына келүү реакцияларына кирет. Калыбына келбөөчү Д. (трегалоза, сахароза) эки моносахариддин тең жарым ацеталдык топтору гликозиддик байланышты пайда кылууга катышат. Окистенүү-калыбына келүү реакцияларына кирбейт. Д. жаратылыш продуктуларынан, мис., сахароза – кызылчадан, лактоза – сүттөн ж. б. алынат. Көпчүлүк Д. полисахариддерди, олигосахариддерди толук эмес гидролиздөөдө пайда болот, мис., крахмалды ж-а гликогенди ферменттик жол м-н гидролиздөөдөн мальтоза, целлюлозадан целлобиоза ж. б. алынат. Сахароза, лактоза, мальтоза тамак-аш ө. ж-нда ж-а медицинада колдонулат.
Ад.: Химия углеводов. М., 1967; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Б., 2003.