ДИСЛОКАЦИЯ (физикада)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСЛОКА́ЦИЯ (фр. dislocatio – жылышуу, оошуу) – 1) ф и з и к а д а – кристалл торчодогу атомдук тегиздиктердин ирети м-н туура жай­гашуусу бузулган сызыктуу кемтик (дефект). Дислокация кристаллдын өсүү процессинде, өскөн крис­таллды механикалык деформациялоодо жаралат. Ал кристаллдын механикалык касиеттерине (бышыктыгы ж-а пластикалуулугу) ж. б. физикалык касиетине таа­сирин тийгизет. Дислокациянын эки түрү болот: сызык­туу же чектик ж-а буралма. Чектик дислокация – атом­дук тегиздиктин кристаллдын ичиндеги үзүлгөн четин бойлогон сызык. Атомдук тегиздиктер узатасынан тегерете буралып жылышкан сы­зыкты буралма дислокация дейт. Буралма дислокацияда атомдук тегиздиктин үзүлүшү болбойт. Мында бир атом­дук тегиздик экинчисине буралма сызык боюнча өтөт. Атомдун атомго өтүшү буралма сызык боюнча жүрөт. Анда дислокация сызыгы эч убакта кристалл­дын ичинде үзгүлтүккө учурабайт, ал же крис­таллдын бетине чыгат, же илмек түрүндө туюк­талат, же болбосо бир нече дислокацияга тармактанып кетет. Кристаллдын дислокацияланган жери серпилгичтүү чыңалышкан абалда болот. Чыңалыш аралык­ка тескери пропорциялаш өзгөрөт. Кристаллдын дислокацияланган жерлеринин химиялык туруктуулугу начар болот. Тунук кристаллдагы дислокация полярлашуу мик­роскобу м-н, тунук эмес кристаллдын дислокациясы суюк ойдургуч заттын аракети боюнча оптикалык мик­роскоп аркылуу байкалат. Ойдургуч заттар зат­тын дислокация болгон жерлерин эритип, оюп түш­көндүктөн, чуңкурчаны пайда кылат. Мындан тышкары, дислокация байкоо үчүн декордоштуруу ык­масы колдонулат. 2) Т е к т о н и к а д а тоо­тек катмарларынын алгачкы жаткан абалынан козголуп өзгөрүшү. Ал жер кыртышындагы тек­тоникалык кыймылдардан, магманын аракетинен, ме­таморфизм ж-а экзогендик процесстердин (мөң­гүлөрдүн жылышы, жер көчкү, карст, агын суу эрозиясы ж. б.) таасиринен жүрөт. Дислокация жалпы­сынан бүктөлүү (пликативдүү) дислокация ж-а сынып ажыраган дислокация деп бөлүнөт. Бүктөлүү дислокация эки кап­талдан кысылган тоо тек катмарларынын ар кандай түрдө ж-а көлөмдө ийилип бүктөлүшү­нөн, сынып ажыраган Дислокация тик ылдый же өйдө багыттагы күчтүн натыйжасында тоо тек кат­марларынын сынып ажырашынан пайда болот. Багыты боюнча радиустук (Жердин радиусуна жа­рыш тик багытталган күчтөн ылдый жылышуу) ж-а горизонттук же тангенстик (горизонт багы­ты боюнча болгон күчтөн туура же өйдө жылы­шуу) дислокация деп ажыратылат, ошондой эле к. Тектони­калык жылышуулар.