ДИСЛОКАЦИЯ 1
ДИСЛОКА́ЦИЯ 1 (фр. dislocatio – жылышуу, оошуу) – 1) ф и з и к а д а – кристалл торчодогу атомдук тегиздиктердин ирети м-н туура жайгашуусу бузулган сызыктуу кемтик (дефект). Д. кристаллдын өсүү процессинде, өскөн кристаллды мех. деформациялоодо жаралат. Ал кристаллдын мех. касиеттерине (бышыктыгы ж-а пластикалуулугу) ж. б. физ. касиетине таасирин тийгизет. Д-нын эки түрү болот: сызыктуу же чектик ж-а буралма. Чектик Д. – атомдук тегиздиктин кристаллдын ичиндеги үзүлгөн четин бойлогон сызык. Атомдук тегиздиктер узатасынан тегерете буралып жылышкан сызыкты буралма Д. дейт. Буралма Д-да атомдук тегиздиктин үзүлүшү болбойт. Мында бир атомдук тегиздик экинчисине буралма сызык б-ча өтөт. Атомдун атомго өтүшү буралма сызык б-ча жүрөт. Анда Д. сызыгы эч убакта кристаллдын ичинде үзгүлтүккө учурабайт, ал же кристаллдын бетине чыгат, же илмек түрүндө туюкталат, же болбосо бир нече Д-га тармактанып кетет. Кристаллдын Д-ланган жери серпилгичтүү чыңалышкан абалда болот. Чыңалыш аралыкка тескери пропорциялаш өзгөрөт. Кристаллдын Д-ланган жерлеринин хим. туруктуулугу начар болот. Тунук кристаллдагы Д. полярлашуу микроскобу м-н, тунук эмес кристаллдын Д-сы суюк ойдургуч заттын аракети б-ча оптикалык микроскоп аркылуу байкалат. Ойдургуч заттар заттын Д. болгон жерлерин эритип, оюп түшкөндүктөн, чуңкурчаны пайда кылат. Мындан тышкары, Д. байкоо үчүн декордоштуруу ыкмасы колдонулат. 2) Т е к т о н и к а д а тоотек катмарларынын алгачкы жаткан абалынан козголуп өзгөрүшү. Ал жер кыртышындагы тектон. кыймылдардан, магманын аракетинен, метаморфизм ж-а экзогендик процесстердин (мөңгүлөрдүн жылышы, жер көчкү, карст, агын суу эрозиясы ж. б.) таасиринен жүрөт. Д. жалпысынан бүктөлүү (пликативдүү) Д. ж-а сынып ажыраган Д. деп бөлүнөт. Бүктөлүү Д. эки капталдан кысылган тоо тек катмарларынын ар кандай түрдө ж-а көлөмдө ийилип бүктөлүшүнөн, сынып ажыраган Д. тик ылдый же өйдө багыттагы күчтүн натыйжасында тоо тек катмарларынын сынып ажырашынан пайда болот. Багыты б-ча радиустук (Жердин радиусуна жарыш тик багытталган күчтөн ылдый жылышуу) ж-а горизонттук же тангенстик (горизонт багыты б-ча болгон күчтөн туура же өйдө жылышуу) Д. деп ажыратылат, о. эле к. Тектоникалык жылышуулар.