ДИСНЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСНЕ́Й , Дисни Уолт (5. 12. 1901, Чикаго – 15. 12. 1966, Бербанк) – америкалык кинорежиссёр, про­дюсер. Чикагодогу көркөм искусство академиясы­нан окуган. 1919–1922-жылдары сүрөтчүлүк кесипти ар­калаган, кийин кино тармагына өткөн. 1922-жылы Голливудга келген. 1933-жылы англис жомогу­нун негизинде тартылган «Үч торопой» мульт­фильми үчүн Оскар сыйлыгын алган. Анын «Микки Маус», «Маугли», «Бэмби» мультфильмдери бел­гилүү. «Апакай менен жети эргежээл», «Пинок­кио» (1939), «Бэмби» (1942), «Алиса шумдук­тардын өлкөсүндө» (1951), «Уйкудагы сулуу» (1958) жана башкалар. 1950–1960-жылдардын аяк ченинде Дисней студиясы табият көрүнүштөрүн көрсөтө тур­ган документалдык фильмдердин сериясын тар­тууга өткөн: «Адамдар жана мамлекеттер», «Турмуштагы укмуштуу окуя» (айбанаттардын жашоосуна байкоо жүргүзүү). Телекөрсөтүү үчүн атайын программаларды, көптөгөн фильмдер­ди чыгарган. 1955-жылы Анахайм (Калифорния) шаарында «Диснейленд» паркы ачылган. Анда техникалык аттракциондун жардамы менен Дисней фильмдеринин образдары көрсөтүлөт. Дисней «Робин Гуд», «Казы­на катылган арал», «Суу астында сексен миң мил» деген көркөм фильмдерди тарткан. Фильм­дери үчүн 29 жолу «Оскар» сыйлыгын жеңип алган.

Уолт Дисней
Дисней канбийкелери

Ад.: Арнольди Э. М. Жизнь и сказки У. Диснея. Л., 1968.