ДИСПЕРСИЯЛУУЛУК
ДИСПЕРСИЯЛУУЛУК (лат. dispersus – чагылган) – дисперсиялык системадагы бөлүкчөлөрдүн өлчөмүнүн мүнөздөмөсү (майдалануу даражасы). Заттар канчалык майдаланган болсо, алардын
Д-y ошончолук жогору, б. а. дисперсиялык бөлүкчөлөрдүн диаметрлерине тескери пропорциялуу. Д. бөлүкчөл өрдүн беттик аянтын көлөмүнө бөлүү м-н аныкталат. Бөлүкчөлөрү бирдей өлчөмдөгү заттар – монодисперстүү, ар түрдүү
өлчөмдөгүлөр полидисперстүү деп аталат. Ал – дисперсиялык системалардын эң негизги мүнөздөмөсү. Ага жараша заттардын физ., хим. касиеттери өзгөрүлөт. Кесек дисперсиялык системаларга суспензия, эмульсия, түтүн, туман, тоокен бөлүкчөлөрү ж-а куймалар, ал эми микрогетерогендүү системаларга коллоиддик эритмелер кирет. Д. пигменттерди, жер семирткичтерди, пестициддерди, дарыларды ж. б. күкүм же бүртүк заттарды жасоодо ж-а пайдаланууда тех. көрсөткүч катары чоң мааниге ээ болот.