ДИССЕРТАЦИЯ
ДИССЕРТА́ЦИЯ (лат. dissertātio – ойлоп табуу, изилдөө, талдоо) – окумуштуулук даража алуу үчүн даярдалган ж-а ачык корголуучу ил. эмгек. Аспирантураны бүтүргөн же кандидаттык экзаменди тапшырган жогорку билимдүү адамдардын Д-сы жарактуу деп табылганда гана Д. коргоого уруксат берилет. КРде Д-нын үч түрү бар: а) магистрдик Д.; б) кандидаттык Д.; в) докторлук Д. Магистрдик Д-лар ун-ттерде мамл. аттестациялык комиссиялардын жыйынында корголот. Д-лардын темасы, эреже катары, ил. мекемелердин, ЖОЖдун негизги ил.-из. иш багыттары м-н байланыштырылышы керек, алардын окумуштуу (ил.-тех.) кеңештери тарабынан ар бир изденүүчү үчүн ж-а бир эле убакта ил. консультантын (докторлук Д.) же ил. жетекчисин (кандидаттык Д.) дайындоо м-н бекитилет. Илимдин докторунун окумуштуулук даражасын алууга жазылган диссертация ил. квалификациялуу, илимдин тийиштүү тармагынын адистиги б-ча изденүүчү тарабынан өз алдынча даярдалган, ил. изилдөөнүн негизинде аткарылган эмгек болуп эсептелет ж-а төмөнкү талаптардын бирине жооп бериши керек: а) ил. жактан негизделген багыттардын өнүгүшүндө маанилүү социалдык-экон., маданий, саясий ж-а чарбалык мааниси бар ил. маселелерди чечүүнү камтыган жаңы натыйжаларга ээ болуу; б) теор. жоболорду, эксперименттик натыйжаларды, алардын жыйындысын, ачык-айкын ил. багытты өнүктүрүүдө ири натыйжаларды алуу; в) ИТПге ири салым киргизе турган иштеп чыгууларды жүзөгө ашыруу. Докторлук Д. коргоого бир же эки адистик б-ча коюлушу мүмкүн. Илимдин кандидатынын ил. даражасын изденүүгө даярдалган Д. изденүүчү тарабынан өз алдынча даярдалган илимдин тийиштүү тармагынын адистиги б-ча же, эреже катары, илимдин докторунун жетекчилиги астында аткарылган квалификациялуу ил. эмгек болуп эсептелет ж-а төмөнкү талаптардын бирине жооп бериши керек: конкреттүү билимдин тармагы үчүн олуттуу мааниси бар белгилүү бир ил. маселени чечкен натыйжаларды алуу; маанилүү колдонмо милдетти чечүүнү камсыз кылуучу тех., экон. же технол. иштеп чыгууларды камтыган натыйжаларды алуу. Кандидаттык Д., эреже катары, бир адистик б-ча коргоого коюлат.
Ад.: Асанов У. А., Джуманазарова А. З., Чоротегин Т. К. Наука Кыргызстана в лицах. Б. 2002; Асанов У. А., Джуманазарова А. З. Кыргызская наука в зеркале диссертационных исследований. Б., 2003. Э. Мамбетакунов.