ДИССИПАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИССИПА́ЦИЯ (лат. dissipatio – чачыроо) – күчтөрдүн (системанын чекиттеринин ылдам­дыкка көз каранды болгон күчтөрү) аракетинин натыйжасында системанын энергиясынын азаюу процесси. Мисалы, сүрүлүү күчүнүн таасири м-н нерсенин механикалык энергиясы азайып, жылуу­лук энергиясына айланат, Омдук каршылык­тын таасири м-н электр термелгич системасы­нын электр-магниттик энергиясы азаят, башкача айтканда диссипацияланат.