ДИФРАКЦИЯ ТОРЧОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИФРА́КЦИЯ ТОРЧОСУ – иреттүү жайгашкан, жарык өткөрбөгөн аралык м-н бөлүнгөн көп сандаган өтө кууш жылчыктан турган оптика­лык прибор. Мындагы дифракциялык сүрөттө­лүш бардык жылчыктардан келген когеренттүү толкундардын өз ара интерференциясынын на­тыйжасы болот. Ар бир жылчыктын жазылы­гы a, алардын арасындагы аралык b болсо, анда d=a+b чоңдугу Д. т-нун м е з г и л и деп ата­лат. Жалпак монохроматтуу толкун Д. т-нун тегиздигине тик келип түшсүн дейли. Жылчык­тар бири-биринен бирдей аралыкта жайланыш­кандыктан, эки коңшу жылчыктан келген нур­лардын өткөн жолунун айырмасы Д. т-нда бе­рилген ϕ багыты б-ча бирдей: ∆=CF=(a+b)sinϕ=dsinϕ.
Эгер коңшу эки жылчыктын B чекитине нур­лар бирдей фазада келишсе, алар бирин-бири күчөтүп, максимумду беришет. dsinϕ=kλ (1)
Эгер нурлар B чекитине карама-каршы фазада келишсе, бирин-бири жоюшат. Анда минимум шарты төмөнкүдөй туюнтулат: dsinϕ=(2k+1) λ2 (2)

Максимум (1) ж-а минимум (2) формулалары м-н Э экранында түзүлгөн дифракциялык ми­нимум ж-а максимум абалдарын таба алабыз. Ар бир жылчык өзүнүн минимумун түзгөндүк­төн, торчодогу жылчыктардын санына жараша кошумча минимум пайда болот. Кошумча мини­мумдардын саны жылчыктардын N санынан бирге кем: N –1. Алар экинчи иреттеги макси­мумдарды (саны N – 2) бөлүп турушат. Эгерде ар бир жылчыктан келген жарыктын амплиту­дасы А болсо, анда бардык жылчыктардан кел­ген амплитудалардын суммасы A=NA (N эсеге чоң) болот. Ал эми Д. т. аркылуу өткөн жа­рыктын толук ургаалдуулугу же I=N2 I болуп, бир жылчыктан өткөн жарык ургаалдуулугу­нан N2 эсе чоңоёт. Максимум (1) ж-а минимум (2) шарттары толкун узундугуна көз каранды болгондуктан, Д. т-на ак жарык түшсө, ак жа­рыкты түзгөн ар бир толкун өзүнүн максимумун берет. Борб. максимум ак түстө болот, негизги максимумдар толкун узундугуна жараша спектр­ге ажырашып, алардын кызгылт көк нурунуку борбор жакка, ал эми кызыл нурдуку чет жагы­на жайгашат. Спектрдин ар кандай жеринде кол­донулган Д. т. өзүнүн өлчөмү, формасы, жасалган материалы, штрихинин профили ж-а алардын жыштыгы м-н айырмаланат. Д. т-нун штрихте­ринин жыштыгы спектрдин ультракызгылткөк облусунда 3600–1200 штрих/мм, жарыктын көрүнгөн облусунда 1200–600 штрих/мм, ин­фракызыл облусунда 300–1 штрих/ммди түзөт. Д. т. затты спектрдик жол м-н анализдөөдө, тол­кун узундугун өлчөөдө кеңири колдонулат.