ДИФФЕРЕНЦИАЛ ЭСЕПТӨӨЛӨРҮ
ДИФФЕРЕНЦИА́Л ЭСЕПТӨӨЛӨРҮ – математиканын функция туундулары м-н дифференциалдарын эсептөөчү ж-а алар аркылуу функциянын касиетин изилдөөчү бөлүмү. Д. э. интеграл эсептөөлөрү м-н тыгыз байланышта ж-а аны м-н биригип, математикалык анализдин негизин түзөт. Д. э-нүн өнүгүшү математикага өзгөрмө чоңдук түшүнүгүн киргизген Р. Декарттын, дифференциал ж-а интеграл эсептөөлөрдүн негизин түзүшкөн И. Ньютон м-н Г. Лейбництин, Я. ж-а И. Бернуллилердин, Л. Эйлердин, предел түшүнүгү аркылуу матем. анализди теор. негиздеген О. Кошинин эмгектерине байланыштуу. Д. э. – математиканын эң маанилүү түшүнүктөрү – чыныгы сан, функция, предел ж-а үзгүлтүксүздүк түшүнүктөрүнө негизделген. Д. э. туунду ж-а дифференциал ж-дөгү негизги түшүнүктөргө таянып, функциялардын эң чоң ж-а эң кичине маанилерин табуу, ийри сызыкка жаныма жүргүзүү, кыймылдын ылдамдыгын эсептөө маселелерин изилдейт.
Т у у н д у.
у= f(х) функциясынын х чекитиндеги өсүндүсүнүн аргументтин өсүндүсүнө болгон катышынын ∆х нөлгө умтулгандагы предели функциянын ушул чекиттеги туундусу деп аталып, у, f′(х0), dу , dх df(х0 ) dх м-н белгиленет. Анда f1(х )=
= lim ∆у . Эгер
∆х→0 ∆х
f′(х0) чектүү болсо,
анда f(х) функциясы х0
чекитин-

де дифференциялдануучу деп аталат. Функция кандай дыр б ир аралыктын ар бир чекитинде дифференциялдануучу болсо, анда ал аралыкта да дифференциялдануучу болот. Туундуну табуу амалы дифференциалдоо деп аталат. Д. э-н геометрияга колдонуу өтө маанилүү, жаныманын бурчтук коэфф-и, б. а. Ох огу м-н М(х0; у0) чекиттеги
у=f(х) ийри сызыгын жаныманын арасындагы α бурчунун тангенси (к. чийме) туундунун х=х0 маанисине, б. а. f′(х0)ке барабар. Механикада туундуну түз сызыктуу кыймылдагы чекиттин d2 ылдамдыгы катары кароого болот. Д. э. интеграл эсептөөлөрүндөй эле көп колдонулат. Ж. Асанова.