ДИФФУЗИОНИЗМ
ДИФФУЗИОНИ́ЗМ – этнография жана археологиядагы XIX кылымдын аягы – XX кылымдын башында калыптанган багыт; ал айрым элдердин маданиятынын өнүгүшүн өз алдынча эволюция эмес (к. Эволюциялык мектеп), башка элдердин жер которуудагы маданий таасири жана алардын жетишкендиктерин өздөштүрүү, маданий байланыштардын бир элден экинчи элге оошусу деп түшүндүрөт. Этнологияда диффузионизм деп маданияттын соода, көчүү, согуштук жеңип алуу аркылуу таралуусун түшүнүшкөн. Илимий багыт катары диффузионизм маданияттагы өз ара алакаларды, байланыштарды, башка элдерден алып өздөштүрүүнү жана башка элдерге таралууну тарыхый процесстин эң башкы мазмуну катары карайт. Эволюционисттердин окшош шарттарда окшош маданияттар өз алдынча пайда болуп өнүгөт деген идеясына диффузионизм маданият элементтери уникалдуу түрдө бир аймакта пайда болуп, кийин башка аймактарга тарайт деген идеяны каршы коёт да, мыкты маданий ойлоп табуулар алгач бир географиялык чөйрөдө пайда болот жана бүт дүйнөгө стихиялык түрдө таралат деп карайт. Бул көз караштан алганда адам маданиятты жаратуучу эмес, ээлөөчү гана болуп калат. Маданияттын таралуусунда жеңип алуу, колониялаштыруу, жер которуу, ыктыярдуу тууроо, соода жана башкалар чоң мааниге ээ болот. Диффузионизмдин кыйла ырааттуу эмгектенген өкүлү Ф. Гребнер болгон. Ал «маданий чөйрөлөр» теориясын түзгөн жана бардыгы алты «маданий чөйрөнү» бөлүп көрсөткөн. Диффузионизм теориясында бир канча агымдар жана мектептер: тарыхый-географиялык багыт (Э. Норденшельд), маданий-тарыхый мектеп (Ф.Гребнер, В. Шмидт), антропогеографиялык мектеп (Л. Фробениус), маданий ареалдар теориясы (Э. Сепир, М. Херсковиц) болгон.