ДИФФУЗИЯ
ДИФФУ́ЗИЯ (лат. diffusio – таралуу, жайылуу) – түрдүү концент-дагы заттардын атом, молекулаларынын жылуулук кыймылынын натыйжасында аралашуу процесси. Д. газ, суюк, катуу нерселерде болот. Д. кубулушуна ар башка тектүү заттар гана эмес, бир заттын молекулалары да катышат. Газдарда Д. суюк, катуу
нерселерге караганда тезирээк жүрөт. Бөлүкчөлөр тыгыздык азаюучу багыт б-ча которулат, б. а. газдын Д. агымы (I) анын терс белги м-н алынган тыгыздык градиентине: dp ке түз про- dх dp порциялаш: I=–D dx , мында D – Д. коэфф-и. Бул туюнтма Фик закону деп аталат. Суюктукта молекулалар ортосундагы аралык молекуланын өлчөмүнө жакын ж-а молекулалар термелүү кыймылында болот. Коңшу молекуладан кошумча энергия алган молекула кандайдыр d аралыгына «секирет» (перескок) ж-а төмөнкүдөй тартиптеги чоңдук: D = τ0 exp (–W/kT), мында d –
молекулалар арасындагы орт. аралык, r – «секирүүлөр» ортосундагы «отурукташуу» убактысы, W – активдешүү энергиясы, τ0 – отурукташкан молекуланын термелүүсүнүн орточо мезгили. Суюктуктардын Д. коэфф-инин темп-рага көз карандылыгы эксперименттен далилденген. Катуу нерселерде Д. кристаллдык түзүлүш кемтигине өтө көз каранды. Катуу нерсенин темпра ж-а энергияга көз карандылыгы суюктукка салыштырганда кыйла жогору. Микроскопиялык теория б-ча Д. атомдордун боштуктарга секирүү механизми м-н түшүндүрүлөт. Кристаллдык торчодогу атомдор боштукка (вакансия) потенциалдык тосмо аркылуу өтөт, кайра баштапкы абалына келгенче коңшу атомдорго энергиясынын ∆E бөлүгүн берет. Катуу заттар ⎛ a2 ⎞ үчүн Д. коэфф-ти: D = ⎜ ⎝ 0 ⎟ exp (– W/kT), мында ⎠ W=U + ∆E – энергиясы, а – торчонун турактуусу, τ0 – кристалл торчосунун атомдорунун термелүү мезгили, U – боштук энергиясы. Электр талаасынын таасири м-н заряддалган бөлүкчөлөрдүн Д-сы – э л е к т р-д и ф ф у з и я с ы жүрөт. Басымдын градиенти пайда кылган Д. б а р о д и ф ф у з и я деп аталат. Көптөгөн технол. ж-а биол. процестердин негизинде Д. кубулушу жатат.