ДИЭЛЕКТРИКТЕР
ДИЭЛЕКТРИКТЕР (гр. dia – аркылуу, англ. electric – электрлик) – электр тогун өтө начар өткөрүүчү заттар. «Д.» терминин илимге М. Фарадей киргизген (1839). Заттарда сырткы электр булактары пайда кылган электр талаасы заряддардын багытталган кыймылын (электр тогун) же кайрадан бөлүштүрүлүшүн, же электрдик диполдун моментин пайда кылат, б. а. полярланат. Полярлануу же электр өткөрүмдүүлүк касиетине карата заттар Д. (изолятор) ж-а өткөргүчтөр (металл, электролит, плазма) болуп бөлүнөт. Д-дин электр өткөрүмдүүлүгү металлга салыштырганда өтө аз. Алардын салыштырма каршылыгы (ρ) 108 – 1017 Ом . см (металлда ρ ~ ~10–6 – 10–таллда эркин электрон көп, ал эми Д-дин атомдорунда электрон ядро м-н бекем байланышкан (эркин электрон жок); электр талаасы Д-дин электронун кичине жылышка мажбурлайт. Д-ге катуу, суюк, газ абалындагы заттар кирет. Кристаллдар (туздар – NaCl, KBr ж. б.) ж-а аморфтук заттар (айнек, кара чайыр ж. б.), таза суу, нитробензол Д-тер болушат. Газдар нейтралдык атом, молекулалардан тургандыктан, кадимки шартта электр тогун өткөрүшпөйт. Темп-ра жогорулаганда атом, молекулалар иондошуп, газ плазмага айланат. Макроскопиялык теорияда Д. үзгүлтүксүз чөйрө катары каралат. Анын электрдик абалын сүрөттөө үчүн заряд тыгыздыгы ρ пайдаланылат. Д-дин электрдик абалын аныктоодо заряд тыгыздыгынан башка полярлануу вектору P колдонулат: ρ = – divP. Көпчүлүк Д-дин полярлануу вектору Р ж-а электр талаасынын чыңалышы Е сызыктуу байланышта, б. а. P=ε0χΕ (мында ε = =8,85 . 10–
донулат: D=ε0εE=ε0E +Р, мында ε – диэлектрдик өткөрүмдүүлүк (катыштар СИде жазылган).
Д. илим м-н техникада электр изоляция катары, ал эми диэлектрик кристаллдар (пьезоэлектрик, сегнетоэлектрик) квант электроникасында колдонулат.
Ад.: Барфут Ж., Тейлор Ж. Полярные диэлектрики и их применения /Пер. с англ. М., 1981.