ДМИТРИЕВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДМИ́ТРИЕВКА – Чүй облусунун Ысык-Aта районун­дагы кыштак. Жээк айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Aта суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 735 м бийиктикте. Бишкек – Каракол автомо­биль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Кант шаарынан 5 км чы­гыш тарапта. Кыштак 1882-жылы орношкон. Кал­кы 3920 (2022); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто ж-а жатак мек­теп, клуб, ФАП, дарыкана бар. Үй-бүлөлүк врач­тар тобу, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү иштейт.