ДОБРОЛЮБОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОБРОЛЮ́БОВ Николай Александрович [24. 1(5. 2). 1836, Нижний Новгород – 17(29). 11. 1861, Петербург] – орус адабий сынчысы, публицист, революционер-демократ. Диний семинарияда (1838–53) окуп, 1857-ж. Петербургдагы пед. ин-тту бүтүргөн. Студент кезинде жашырын ийрим уюштуруп, «Слухи» деген колжазма ге­зит чыгарган ж-а ин-ттун реакциячыл админи­страциясына каршы студенттердин күрөшүн жетектеген. «Н. И. Гречтин 50 жылдык юби­лейине» (1854), «Николай I өлүмүнө ода» (1855)

Н. А. Добролюбов. Б. В. Щербаков тарт­кан портрет. 1953.

ж. б. рев-ялык маанайдагы ырларын жазган. 1856-ж. Н. Г. Чернышевский, кийин Н. А. Не­красов м-н таанышып, «Современник» журна­лында алар м-н кызматташкан. 1858-ж. жарыя­ланган «Орус адабиятынын өнүгүшүндө элдүү­лүктүн катышы тууралуу», «Улуу Пётрдун па­дышачылыгынын алгачкы жылдары», «Жереб­цов ойлоп тапкан орус цивилизациясы» өңдүү макалаларында Д-дун адабий-эстетикалык, та­рыхый ж-а филос. көз караштары айкын көрүн­гөн. 1859–60-ж. жарык көргөн адабий сын ма­калаларында («Обломовчулук деген эмне?», «Ка­раңгы дүйнөдөгү жарык шоола», «Чыныгы күн качан келет?») Россияда өкүм сүргөн деспотизм­ге, наадандыкка, крепостной түзүлүшкө каршы чыккан. В. Г. Белинский м-н Н. Г. Чернышев-


скийдин эстетикалык принциптерин чыг-лык м-н өнүктүргөн. Көркөм чыгармаларга талдоо жасоодогу өз ыкмасын «реалдуу сын» деп атап, талантынын бүткүл күчүн ад-ттагы реалисттик ж-а элдүүлүк принциптерин, жарандык идеяла­рын коргоого жумшаган. Чернышевский м-н катар Д. да Россиядагы дыйкандар рев-ясынын жарчысы болгон. Россиянын артта калуу себе­бин монархиялык түзүлүштөн, крепостной сис­темадан көргөн. Айрым макалаларында («Ро­берт Оуэн жана анын коомду өнүктүрүүгө жаса­ган аракеттери» ж. б.) крепостнойлук түзүлүшкө караганда капитализм прогрессчил экенин көр­сөтүп, бирок Россия үчүн экон. өнүгүүнүн эмгек­чилер капит. эзүүгө дуушар болбогондой башка жолун табууга умтулган. Ал тарыхый эмгекте­ринде тарыхты жаратуучулар ж-а анын негиз­ги кыймылдаткыч күчү эл массасы деп эсепте­ген. Тарыхый өнүгүштүн мыйзамченемин таа­ныган. Д-дун адабий чыг-лыгы орус адабий сы­нынын, эстетикасынын ж-а публицистикасы­нын тарыхында терең из калтырган. Сынчы­нын эстетикалык принциптери, көз карашта­ры кыргыз адабий сынынын өсүшүнө таасирин тийгизген. Айрым адабий сын макалалары кыр­гыз тилине которулган.