ДОГМАТИЗМ
ДОГМАТИ́ЗМ – бир жактуу, жаңыруу идеясынан оолак, конкреттүү тарыхый шарттык өзгөрүшүнө каршы турган ойлоонун бир түрү. Турмуш көрүнүштөрүн кабыл алууда, баалоодо, түшүнүүдө алардын ордун, мезгилин, ар кандай аракеттердин өзгөчөлүү шарттарына кабылаарын эске албастан, качандыр бир кездерде өздөштүрүлгөн жобонун алкагынан чыкпай чектелип калуучулук, б. а. акыл-эстин шалакылыгы, сенектиги, эскирген канондордун тушоосунан кутулуп, жаңычылдыкка карай жогору көтөрүлүүгө жөндөмсүздүгү, чыгармачыл ой жүгүртүүнүн дээрлик жоктугу. Д-дин келип чыгышынын ж-а турмушта орун алып келатышынын түпкү себеби (тамыры) – ойлоодо субъективизмге ооп кетүүчүлүк, б. а. реалдуу көрүнүштөрдүн (турмуш чындыгынын) чексиз динамикалуулугун, конкреттүүлүгүн, андагы абс. м-н салыштырмалуулуктун диалектикасын атайылап же аңдоосуз элес албоодон келип чыккан бир жактуулук; психол. жагы – мартабага жүгүнүүчүлүк, аброй алдындагы сокур ишеним (ойлонбой ишенүүчүлүк); жамааттык, топтук (корпоративдүү) таламдар же жекече (эгоизм) кызыкчылыктар таасирлери; волюнтаризм кысымдары ж. б.