ДОДЕКАЭДР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОДЕКА́ЭДР (гр. dodeka – он эки, htdra – грань) – туура көп грандыктардын беш түрүнүн бири. Д-дин 12 граны, 30 кыры ж-а 20 чокусу бар. Грандары туура беш бурчтук түрүндө болот

ж-а ар бир чокудан 3 кыр чы­гат. Туура Д-дин бетинин аянты S=3a2 25 + 10 5 ≈20,6457a2 (же S=15a2tg54°), ал эми кө­лөмү: V=1/ a3(15+7 5 ), мында a – Д-дин кырынын узундугу. Д-ди биринчи жолу байыркы грек математиги Теэтет (б. з. ч. 4-к.) түзгөн. <ParaBr>.