ДОЙЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЙЛ Артур Конан (22.5. 1859, Эдинбург – 7.7. 1930, Кроуборо) – англиялык жазуучу. Детектив адабият­ка ышкыбоз тыңчы-ашкерелөөчүнүн образын (Шерлок Холмс) киргизген: «Шерлок Холмстун жоруктары» (1891–92,) «Баскервилдердин ити» (1901–02), «Коркунуч өрөөнү» (1914–15) ж. б. де­тектив чыгармалары кызыктуу интригасы, баян­доосунун жөнөкөйлүгү м-н айырмаланган. Тарыхый кызыктуу окуялуу ж-а фантастикалык ро­мандары («Ак отряд», «Сэр Найжес» ж. б.) бар. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.