ДОЛОНО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОЛОНО (Crataegus) – роза гүлдүүлөр тукумун­дагы өсүмдүк уруусу. Бадал же анча чоң эмес дарак (бийиктиги 4–5 м). Өркүнү тикендүү, жал­бырагы жөнөкөй, манжа сымал. Гүлү ак, кыз­гылт. Топ гүлү калканч же чачы сымал. Мөмөсү майда, өңү кызыл, саргыч кызыл же кара.

Долононун 200дөй (кээ бир маалымат боюнча 1000дей) түрү Америка ж-а Евразиянын мелүүн жерле­ринде өсөт. КМШда 50, Кыргызстанда 7 түрү бар. Кызыл Долоно м-н чыгыш Долоносу көп кездешет. Кы­зыл Долоно – жыгач сымал бадал, катуу тикендүү, сөңгөгүнөн майда буюм жасалат. Мөмөсү желет, дарылык касиетке ээ. Мөмөсүнөн ж-а гүлүнөн алынган экстракт, маңыздары медицинада жү­рөк, невроз ж-а гипертония ооруларын дары­лоодо колдонулат.