ДОМБРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДОМБРА (казакча домбыра) – казактардын эки кылдуу музыкалык чертме аспабы. Тулкусу өрүктөн, карагайдан чабылат. Доошу жапыз, коңур жана назик, квартага, квинтага, октавага толгонот. Домбрада чертилген чыгармалар күй деп аталат. Аспаптын коштоосунда обон, ыр, дастандар а т к а р ы л а т .

Домбранын Чыгыш Казакстанга тараганы моюну жоонураак жана кыскараак келип, 7–8 беренелүү, Батыш Казакстанга тараганы, тескерисинче, мойну ичке келип, 14–17 беренелүү. 1934-жылы Домбра өркүндөтүлүп, оркестрлик түрлөрү жасалган (домбра-секунда, домбра-альт жана башкалар). Алар Курмангазы атындагы Казак эл аспаптар оркестринин өзөгүн түзөт.