ДОМЕНДЕР
ДОМЕНДЕР – электрмагнит же серпилгич касиеттери же бөлүкчөлөрдүн жайланыш тартиби м-н айырмалануучу химиялык жактан бир тектүү чөйрөлөр. Алар бир нече түргө бөлүнөт. 1) Ф е р р о м а г н и т т ү ү домендер – ферромагнит кристаллындагы (туурасынан кесилиш өлчөмү 10–5– –10–2 см) атомдук магнит моменттери жарыш багытталган, башкача айтканда домендерде өзүнөн өзү магниттешүү жүргөн бөлүгү. Ал Кюри температурасынан төмөн болгондо пайда болот. 2) С е г н е т-э л е к т р д ү ү домендер – сегнет-электриктерде өзүнөн өзү полярлануучу бөлүгү (10–5–10–3 см). Сырткы электр талаасы жок учурда сегнет-электриктердин полярланышы анын негизги өзгөчөлүгү. 3) Г а н н д ы к домендер – күчтүү электр талаасынын бөлүгү. Ал белгилүү шартта гана терс дифференциялык каршылыктуу жарым өткөргүчтө пайда болот.