ДОМИНИКА
ДОМИНИ́КА (Dominica), Д о м и н и к а Ы нт ы м а к т ы г ы (The Commonwealth of Dominica) – Вест-Индиядагы өлкө, Кариб деңизиндеги Кичи Антиль архипелагындагы Доминика а-н ээлейт. Аянты 750 км2. Калкы 69 миң (2005). Борбору – Розо ш. Адм.-аймактык жактан 10 округга бөлүнөт.
Д. – унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1978-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – парла-


босого-шаркыратмаларга бай; эң кооз Трафальгар шаркыратмасы Розо ш-нан 8 км аралыкта жайгашкан. Ысык булактар көп.
Калкынын курактык курамы: 15 жашка чейинкилери – 29%, 15–65 жаштагылары – 63%,
65 жаштан ашкандары – 8%. 1000 кишинин
ичинен туулганы 18,27, өлүмү 7,3. Жалпысынан өлкөнүн калкы азаюуда: 2000-ж. 75,1 миң калкы болсо, 2005-ж. 69 миңге чейин азайган. Негизинен африкалык доминикалыктар; мулаттар 10%ке жакын. Расмий тили – англис тили; о. эле жерг. креол тилинде да сүйлөшөт. Калкынын басымдуу бөлүгү католик динин тутат. Акча бирдиги – чыгыш кариб доллары.
Д. БУУнун (1978), Америка өлкөлөрү уюмунун (1979), Кариб биримдигинин, Чыгыш Кариб өлкөлөрү уюмунун мүчөсү; Бейтарап өлкөлөр кыймылына кирет.

менттик республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга парламент тарабынан шайланат. 2003-жылдан Н. Ливерпуль). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Чогулуштар палатасы). Аткаруу бийлигин өкмөт жүзөгө ашырат, премьерминистр болуп парламентте көпчүлүктү түзгөн партиянын лидери президент тарабынан дайындалат. Саясий партиялары: Д. эркиндик партиясы, Д. лейбористтик партиясы, Д. жумушчулар бириккен партиясы.
Д. аралы жанартоодон пайда болгон. Жеринин бети тоолуу, эң бийик жери 1586 м (Дьяблотен жанартоосу). Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу, жылдык жаан-чачыны 2000 мм. Жайында ж-а күзүндө тропиктик катуу шамал (ураган) болуп, чарбага көп зыян тартырат. Кууш, пляждуу түзөң жээгинин айрым жерлеринде тоо жээкке тик түшүп, клифттерди пайда кылат. Айлык орт. темп-расы 25–27°С. Тоо капталдарын нымдуу тропик токою, жээктерин цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары ээлейт. Тоолордон токой аралап агып түшкөн суулары

Д. – агрардык өлкө. Өлкөнүн ИДПси – 257 млн
АКШ доллары (2004). Экономикасынын негизин а. ч. ж-а туризм түзөт. Негизинен банан (а. ч. продукциясынын 95%), цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Айыл ж-а токой чарбаларында, балык уулоодо экон. активдүү калктын 40%тейи иштейт. Ө. ж-нын негизин а. ч. сырьёсун иштетүүчү
чакан ишканалар түзөт. Пемза, акиташ тектери казылып алынып, иштетилет. Чет элдик туризм өнүгүүдө; анда экон. активдүү калктын 20% иштейт. Өлкө сырткы экон. жардамга өтө күнкор.
Экспортко (2003, 39 млн АКШ доллары) банан (75%), лимон ширеси, копра ром, пемза ж. б.
чыгарып, сырттан ө. ж. жабдууларын ж-а товарларын, транспорт каражаттарын, азык-түлүк алат (импорттун көлөмү 38 млн АКШ долларына барабар). Негизги соода шериктери: Улуу Британия, АКШ, Канада, Кариб биримдигине кирген өлкөлөр.
Автомобиль жолунун уз. 780 км. Эки аэропорту ж-а 2 деңиз порту бар.
Калкынын сабаттуулук деңгээли – 95%тей. Пед. ин-т бар. Эң негизги «Кроника» гезити жума сайын чыгат; амер. телеканалдарды көрсөтүүчү жеке менчик телекомпаниялар, 6 радиостанция иштейт.
Б. з. ч. 4-миң жылдыкта эле Доминика а-н индей уруулары – аравакилер жердешкен. 14- к-да аларды согушчан кариби уруулары сүрүп
чыгарган. 1493-ж. 3-ноябрда арал Х. Колумб тарабынан ачылып, ачылган күндүн урматына Доминика деп аталган (лат. dominical – жекшемби). 1632-ж. мында алгач француздар, англичандар келген. 1763-жылдан арал Улуу Британиянын колониясына айландырылган. 1834-ж. колонияда кулчулук жоюлган. 1958–62-ж. Д. Вест- Инд федерациясынын курамында келген. 1967-ж. Д. Шериктештиктин курамына кирген. 1978-ж. Д. көз каранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1980-ж. шайлоодо Д-нын эркиндик партиясы жеңишке жетишип, анын лидери Юджиния
Чарлз Кариб өлкөлөрүнүн арасындагы аялдардан чыккан алгачкы премьер-министр болуп шайланган. 1995-ж. Д-нын бириккен жумушчулар партиясы шайлоодо жеңип чыгып, Э. Жеймс
өлкөнүн өкмөтүн жетектеп калган. 2004-жылдан премьер-министри – Р. Скеррит.
Ад.: Страны мира. Справочник – 2006 / Под общей ред. С. В. Лаврова. М., 2006.