ДОМИНИКАЛЫКТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДОМИНИКАЛЫКТАР – эл, Доминика Республикасынын негизги калкы. АКШ, Гаити өлкөлөрүндө да жашайт. Саны 7,5 млн киши (1992). Калктын 73%ин мулаттар, 16%ин негрлер, 11%ин европалыктар түзөт. Испан тилинин жергиликтүү вариантында (Гаитиден келгендери креол тилинде) сүйлөшөт. Доминикалыктардын көпчүлүгү католик динин тутушат, ошондой эле протестанттар да бар. Кыштактарда боно (эшик, терезелери кызыл же көк) деп аталган үйлөрдө жашашып, негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесиптенишкен. Шаарларда испан үлгүсүндөгү имараттар сакталган. Доминикалыктар креол тибинде кийинишип, эркектер башындагы сомбреросу м-н гаитиликтерден айырмаланган. 19-кылымдан элдик бийи – меренге кеңири белгилүү болгон.