ДОМИНИКА РЕСПУБЛИКАСЫ
ДОМИНИ́КА РЕСПУБЛИКАСЫ – Вест-Индиядагы мамлекет, Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деңизи чулгап жатат. Чыгышынан Пуэрто-

Рикодон Мона кысыгы бөлүп, батышынан Гаити Республикасы м-н чектешет. Аянты 48,4 миң км2. Калкы 8,6 млн (2005). Борбору – Санто- Доминго шаары (калкы 2,6 млн. Доминика Республикасы 26 провинцияга ж-а улут округуна бөлүнөт.
Мамлекеттик түзүлүшү. Доминика Республикасы – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент. (2004-жылдан Л. Фернандес). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Улуттук конгресс (Депутаттар палатасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Реформисттик социал-христиан партиясы, Доминика революциялык партиясы, Доминика боштондук партиясы, Көз каранды эмес революциялык партия.
Табияты. Гаити аралы тоолуу; тоолору терең өрөөндөр ж-а туюк ойдуңдар м-н бөлүнгөн. Эң бийик Кордильера-Сентраль (Сибао) тоолорунун орточо бийиктиги 2400–2750 м; анын борбордук бөлүгүндө өлкөнүн эң бийик жери – Дуарте тоосу жайгашкан, бийиктиги 3175 м. Бул тоолордун түндүк тарабында калк жыш отурукташкан, жери күрдүү, Сибао өрөөнү 240 кмге созулуп жатат. Жээк бөлүктөрүн да кууш түздүктөр ээлейт. Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө акиташ тегинен түзүлгөн зор плато жайгашкан, ал Кариб деңизин карай жантайыңкы. Мында өлкөнүн эң зор түздүгү ж-а борбор шаары – Санто-Доминго жайгашкан. Түштүгүндөгү Кюльде-Сак ойдуңу жакынкы эле геологиялык мезгилде деңиз булуңу болгон; анын бир бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан, андагы туздуу Энрикильо көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 44 м төмөн жатат. Климаты тропиктик, пассаттык, кышы кургакчыл, жайы нымдуу. Айлык орточо температурасы (1000 м бийиктикте) 24– 29°С. Жаан-чачыны көбүнчө жайдын аягында, ураган маалына дал келет; жылдык орточо өлчөмү 1000–1500 мм, тоолордун айдарым түштүк-батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Мындагы нымдуу тропик токою (кызыл ж-а кампеш типтеги дарактар) өйдөлөгөн сайын ийне жалбырактуу токойго өтөт. Кургакчылыраак түштүк капталдарында аралаш токой өсүмдүктөрү кездешет. Табигый өсүмдүктөр өлкөнүн кыйла бөлүгүндө жок болуп кеткен; мурдагы жергиликтүү өсүмдүктөрдүн калдыгы дарыя жээктериндеги саванна ж-а жыш токой түрүндө сакталган. Түштүгүндө тикендүү бадалдар ж-а зор кактустар өсөт.
Калкынын 75%ке жакыны мулаттар, 10% негрлер, 15% европалыктар. Акча бирдиги – песо. Мамлекеттик тили – испан тили. Дини – католицизм. Шаар калкы 40% (1970). Ири шаарлары: Санто-Доминго (калкы 2,6 млн), Сантьяго (5 миңдей), Сан-Франсиско-де-Макорис



(1,8 миң), Сан-Педро-де-Макорис (2,2 миң), Бараона, Ла-Романа (1,7 миң) ж. б. ББУ, ЭВФ, Америка өлкөлөрү уюму, Бүткүл дүйнөлүк банк ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Тарыхы. Гаити аралын байыркы мезгилдерден индей уруулары жердеп, алар аралды Гаити деп аташкан. Гаити аралы Х. Колумб тарабынан 1492-жылы ачылып, Эспаньола («Кичи Испания») деп атаган. 15-кылымдын аягында аралдын чыгыш бөлүгү (азыркы Доминика Республикасынын аймагы) Испаниянын колониясына айландырылган. Испан колониячылары жергиликтүү уруулардын көпчүлүгүн кырып жок кылган. 1496-жылы испандыктар аралда Санто-Доминго-де-Гусман шаарын курушкан. 1697-жылы аралдын батыш бөлүгү Францияга берилген, ал эми чыгыш бөлүгү Испаниянын бийлиги астында калган. 1795-жылы арал толугу м-н Франциянын көзөмөлүнө өтүп, 1808-жылы кайрадан испандыктарга кайтарылган. 1810–26-жылдарда Америкадагы испан колонияларынын көз каранды эместиги үчүн согуштун натыйжасында, 1821-жылы Санто-Доминго көз каранды эместигин жарыялайт, бирок 1822-жылы ал Гаити республикасынын курамына киргизилет. Боштондук үчүн күрөштүн натыйжасында, 1844-жылы Доминика Республикасынын көз каранды эместиги жарыяланып, конституция кабыл алынган. Генерал
Педро Сантана президент болуп шайланган. 1861-жылы Доминика Республикасын кайрадан Испания басып алган. 1865-жылы гана өлкө испан эзүүсүнөн толук кутулган. 1916–24-жылдарда Доминика Республикасы АКШ тарабынан оккупацияланган. 1930-жылы АКШнын колдоосу м-н Р. Л. Трухильонун диктатордук режими орнотулган. 1961-жылы Трухильо өлтүрүлгөндөн кийин, 60-жылдардын ортосунда өлкөдө диктатураны колдоочулар м-н демократиялык күчтөрдүн ортосунда узакка созулган күрөш жүргөн. 1965-жылы АКШ куралдуу интервенция жасоого аракеттенген. 1966-жылы реформисттик социал-христиан партиясы бийликке келген. 1994-жылы шайлоодо Леонель Фернандес президент болуп шайланган. Ал өлкөдө демократиялык реформаларды баштаган.

1996-жылы экинчи мөөнөткө шайланган. 1998-жылы майда Улуттук конгресске шайлоолордо Доминикан революциялык партиясы жеңишке жетишкен.
Экономикасы. ИДП 1996-жылы 12,4 млрд долларды түзгөн, киши башына бөлүштүргөндө 1600 доллардан айланат. ИДПнин 13%ин айыл чарбасы, 24%ин өнөр жайы берет; андагы инвестициянын үлүшү 20%; анын 3/4 үн ички топтомдон, калганы чет элдик кредиттен каржыланат. Өлкөнүн экономикасында айыл чарбасынын үлүшү төмөндөп (1960-жылы айыл чарбасында калктын 60% иштесе, 1994-жылы 32%ке чейин азайган), ал эми казып алуу өнөр жайы м-н туризм өнүгүүдө. Дыйкандардын көбүнүн 2 гектарга чейин гана жери бар. Айдоо жердин жарымына жакыны мамлекетке таандык, ал эми бал камыштын ири плантацияларына жергиликтүү байлар ж-а АКШнын «Галф энд уэстерн корпорейшен» компаниялары ээлик кылат. Башкы айыл чарба өсүмдүгү – бал камыш; ошондой эле маанилүү экспорттук өсүмдүктөргө – кофе ж-а шоколад дарактары, жер жемиш ж-а тамеки кирет. Ички керектөө үчүн шалы, буурчак, маниок ж-а банан өстүрүлөт. Уй, чочко ж. б. үй жаныбарлары асыралат. Жээк сууларынан чакан кемелер м-н балык кармашат. Токойду кыюуга тыюу салынган.
Доминика Республикасынын аймагында бокситтин, никелдин (чет өлкөлүк компаниялардын карамагында), алтындын, күмүштүн чамалуу запасы бар. Ошондой эле жез, кайнатма туз кендери казылып алынат.


Доминика Республикасынын акчасы.
Тоо-кен өнөр жайы экспорттук кирешенин маанилүү булагы болуп саналат. 1981-жылы Бараон шаарына жакын нефть кени ачылган. Өлкөнүн бүт электр станцияларынын кубаттуулугу 2454,4 миң кВт; анын 14%ин ГЭС, 62%ин нефть м-н иштеген ЖЭС өндүрөт.
Иштеп чыгаруу өнөр жайынын 2/3 си айыл чарба сырьёсун иштетет. Кийим, цемент, картон ички рыноктун муктаждагын камсыз кылат. Спорт товарларын да чыгарат. Телекоммуникация системасы, туризм ж-а курулуш ыкчам өнүгүүдө. Өлкөдө 7 эркин өнөр жай-экономикалык зонасы түзүлүп, анда кийим-кече, электр товарлары, бут кийим даярдалат. Ички жүктөрдүн дээрлик бардыгы автомобиль жолу м-н ташылат, анын узундугу 12,3 миң км. Жалпы узундугу 12 км темир жолдо негизинен кант ташылат. Эл аралык 2 аэропорту (Пуэрто-Плато, Санто-Доминго шаарларында) бар; Санто-Доминго – өлкөнүн негизги деңиз порту. Өкмөттүн көзөмөлүндөгү 150 радиостанция ж-а телестанция иштейт.
Өлкөнүн сырткы соодасынын жалпы көлөмү ИДПнин 50%тейин түзөт. Экспорту негизинен минералдык сырьёлорду ж-а айыл чарба продукцияларын камтыйт. Кант экспорттук кирешенин 20%ин, калгандарын алтын, күмүш, никель, боксит, кофе, какао, фурфурол (эритме), тамеки, жеңил ж-а электр-техника өнөр жай продукциялары түзөт. Негизги импорту – нефть (Венесуэла ж-а Мексикадан алат), ошондой эле азык-түлүк, химиялык продуктулар, автомобиль, электр-техникасы. Негизги соода шериги – АКШ, ага импорттун 1/3 , экспорттун 2/3 си туура келет.
Маданияты. Доминика Республикасында 1951-жылы балдардын милдеттүү окуусу жөнүндө мыйзам кабыл алынганына карабастан, калктын 32% сабатсыз. Балдар 7– 14 жашка чейин мектепте окушат. Өлкөдөгү ири университет Санто-Домингодо семинариянын базасында 1538-жылы ачылган. Мадре-и-Маэстро католик университети Сантьяго шаарында 1962-жылы негизделген. Учурда Доминика Республикасында 8 университет бар, аларда 90 миңге жакын студенттер билим алышат. Ири китепканалары ж-а музейлери: Санто-Доминго университетинин китепканасы (1538), Улуттук китепкана, Улуттук музей (1927), Санто-Доминго улуттук асем өнөр музейи (1943).
Адабияты негизинен испан тилинде өнүгүүдө. Ага Ф. М. Монте (1819–99) негиз салган. Доминика Республикасынын адабиятынын өз алдынчалыгын аныктоо максатында жазуучулар жергиликтүү эл (индейлер) жөнүндөгү эскерүүлөргө кайрылышкан. М. де Гальван (1834– 1911) испандардын Вест-Индияны каратуудагы тарыхынан алып, «Энрикильо» романын жазган. 20-кылымдын баш ченинде адабияттагы модернизм О. Базиль (1884–1946), А. Лугонун чыгармаларынан көрүнөт. АКШ аскерлеринин Доминика Республикасын оккупациялашы (1916–24) адабиятта каршылык көрсөтүү мотивдерин күчөтөт. А. Ф. Рекенанын (1908–52) «Жер душманы» (1936), «Алоолонгон сапар» (1941), «Бейит белгиси жок көрүстөн» (1949), Р. Марреро Аристинин «Ашыкча пайда» (1939) романдарында ошол мезгилдеги татаал жагдайлар чагылдырылган. Доминика жазуучуларынын ичинен Энрикес Уреньялар да кеңири белгилүү. Саломе Уренья де Энрикес (1850–97) аялдардын педагогикалык курсун, аялдар үчүн алгачкы жогорку билим берүү борборун уюштурган. Анын уулдары Педро Энрикес Уренья (1884– 1946), Макс Энрикес Уренья (1885–1968) маданият тарыхына арналган чыгармаларды жаратышкан. 16-кылымга чейин өлкөдө индейлердин искусствосу өнүгүп келген. 15-кылымдын аягы–16-кылымдын башында испандар соңку готика ж-а кайра жаралуу доорунун стилинде Санто-Доминго ж. б. шаарларды курушту. 20-кылымдан имараттар ж-а айрым райондор АКШ архитектурасынын үлгүсүндө курула баштаган. Д. Сура, Х. Кольсон, Х. Энандес Ортега ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында европалык ж-а америкалык модернисттик агымдардын таасири бар. Улуттук реалисттик образдар С. Воси-Хиль, А. Бонилья, Х. О. Морель ж. б. живописчилердин чыгармаларында түзүлгөн.
Ад.: Кремер Т. И. Доминиканская Республика. М., 1980; История Латынской Америки. М., 1979; т. 2, М., 1982.