ДОМКРАТ
ДОМКРА́Т (голл. dommekracht) – оор жүк көтөрүү үчүн туруктуу орнотулган, алып жүрмө же жылдырылма механизм. Домкраттын өлчөмү кичине, өзү жеңил болгону м-н оор жүктү бир нече метр бийиктикке көтөрөт. Иштетилүү түрүнө карата кол ж-а электр м-н көтөрүүчү; иштөө эрежеси боюнча рейкалуу, бурамалуу ж-а гидравликалык болуп айырмаланат. Рейкалуу Домкраттын негизги бөлүгү – жүк көтөргүч рейка. Кыймыл берүү механизминин түрүнө карата рычагдуу ж-а тиштүү болот. Рычагдуу Домкрат рычаг, ал эми тиштүү Домкрат тутка аркылуу көтөрүлүп-түшүрүлөт. Мындай Домкраттар 15 тга чейинки жүк көтөрө алат. Бурамалуу Домкраттын негизги бөлүгү – жүк көтөргүч тирөөчкө шарнирдүү бекитилген бурама. Бул Домкрат м-н 20 т, ал эми атайын максатта жасалган Домкрат 100 тдан ашык жүк көтөрөт. Гидравликалык Домкрат бир нече жүздөгөн т жүктү көтөрө алат.