ДОМНА ӨНДҮРҮШҮ
ДО́МНА ӨНДҮРҮШҮ – темир кенташын же кесек темирди домна мешинде эритип, чоюн алуу өндүрүшү; кара металлургиянын бир тармагы. Чоюн б. з. ч. 4–6-кылымдарда эле белгилүү болгон ж-а жыгач көмүр жагылган шахта меши пайда болгондон баштап алына баштаган. Россияда 1-жолу чоюн Уралда 1701-жылы алынган. Буу үйлөтүүчү машина (1766), үйлөтүп ысытуу (1829), регенератор тибиндеги жылыткыч (1857) ойлоп табылгандан кийин, чоюн алуу өнүктү. Домна өндүрүшүнүн алгачкы материалы шихта, ал темир ж-а марганец кенташы, агломерат, акиташ, күйүүчү май ж-а флюстан турат. Негизги отуну – таш көмүр, кокс. Эритүүдөн кийин чектүү, куюлма ж-а атайын чоюн, домна газы [күйүү жылуулугу 3,6–4,6 Мдж/м3 (800–1100 ккал/м3)] ж-а курулуш материалдык жасалуучу шлак алынат. Бул өндүрүштө атайын домна цехи түзүлөт. Анда толук металлургиялык циклдүү 3 домна меши орнотулат. Мештин ишин башкаруу – шихтанын курамын ж-а санын, үйлөтүүнүн температурасын ж-а нымдуулугун жөнгө салуу – атайын приборлор м-н жүргүзүлөт. Азыр Домна өндүрүшүн өркүндөтүү багытында сырьё даярдоону жакшыртуу, домна мешинин кубаттуулугун жогорулатуу, келечектүү технологияны кийирүү ж-а меш ишин автоматтык түрдө башкаруу жумуштары жүргүзүлүүдө.