ДОМРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ДО́МРА – орустун байыркы кылдуу чертме музыкалык аспабы. Плектр (медиатор) менен чертилет. Элдик музыканттар – скоморохтор анын ар кандай көлөмдөгү көп түрүн (домришка, домра, бас домра) жасашкан. XVIII кылымдын 2-жарымынан музыкада колдонула баштайт.

1896–1900-жылдары В. В. Андреевдин демилгеси боюнча 3 кылдуу Домранын пикколо, прима, альт, тенор, бас, контрабас деген түрлөрү өркүндөтүлүп, балалайкачылар ансамблинин курамына киргизилген. 1908–1917-жылдары П. Г. Любимов менен С. Ф. Буров 1-жолу квинтага күүлөнүүчү 4 кылдуу Домра жасап, анын оркестрлик түрлөрүн (узундугу 445– 1550 м м ) жаратышкан. Азыр өркүндөтүлгөн (пикколо, тенор, альт, бас, контрабас) 3–4 кылдуу Домра орус эл аспаптар оркестрлеринде ойнолот.