ДОМЬЕ
ДОМЬЕ́ Оноре Викторьен (26. 2. 1808, Марсель – 11. 2. 1879, Парижге жакын, Вальмондуа) – француз графиги, живописчи жана скульптор. 1814-жылдан Парижде жашаган, сүрөттөн жана живопистен сабак алган.

Сын реализминин өкүлү, демократиялык кыймыл менен тыгыз байланыштуу сатиралык сүрөттүн жана литографиянын чебери болгон. 1830-жылдагы революциядан кийин карикатуранын чебери катары таанылган. Литографиялык портрет-шарждарында, ксилография чыгармаларында Домье жумушчулар менен революциячылардын образын жараткан («Закон уюткусу», «Басма сөз эркиндиги», «1834-жылдын 15-апрелиндеги Транснонен көчөсү»). Саясий карикатурага тыюу салынгандан кийин (1835) Домье турмуш сатирасында иштеп, дүнүйөкор соттор менен чиновниктерди сынга алган («Карикатюран» сериясы, 1836–1838; «Мыйзамчылар», 1834; «Боорукер буржуйлар», 1846–1849). 60–70-жылдары саясий сатирага кайрадан кайрылган. Домьенин чыгармачылыгы пролетардык азатчыл козголоң менен тыгыз байланыштуу («Козголоң», 1848; «Баррикададагы үй-бүлө», Улуттук галерея, Прага). Домье живописте жана скульптурада драматизм менен сатираны, баатырдык менен гротексти айкалыштырган («Дон Кихот», 1868, Жаңы пинакотека, Мюнхен).
Ад.: Калитина Н. О. Домье. М., 1955; Эсколье Р. О. Домье / Пер. с франц. М., 1978.